Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 20.06.2016 15:56

Ак-Талаа райондук сотунун имаратын курууда эски курулуш каражаттары колдонулуп жатат, - Мамэкотехинспекция (фото)

Turmush -  Мамэкотехинспекциянын Нарын региондук башкармалыгы тарабынан архитектура жана курулуш көзөмөлдүгү боюнча инспекторлору тарабынан пландан сырткары текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда Ак-Талаа райондук сотунун имаратын реконструкциялоо жана кошумча имарат куруу иштери жүрүп жаткан.

«Курулуш материалы катары имараттын үстүн жабууда колдонулган плита мурда колдонулуп, эскилиги жетип капталынан, үстүнкү жана астынкы беттеринде жарака из кеткен. Үстүнкү бети кысылуу күчүнүн натыйжасында бетондору упурап, каркас арматуралары көрүнүп калган. Кыска тилкелерин жабуу үчүн плиталарды ар түрдүү кескичтердин жардамы менен кесип, плиталардын туруктуулугун андан бетер начарлатып коюшкан.

Нарын региондук инспекторлор тарабынан плиталарды колдонууга болбой турганы айтылып, плиталарды имараттан алып салууга талап коюлду. Ак-Талаа райондук сотунун имаратын куруп жаткан көтөрмөчү компания – «Таштан-Курулуш» ЖЧКсынын директоруна эскертүү берилди.

Коюлган талаптар аткарылбаса Мамэкотехинспекция тарабынан мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт», - деп айтылат Мамэкотехинспекциянын билдирүүсүндө. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×