Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 20.06.2016 15:40

Ак-талаалык депутат аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 500 балага спорттук мелдеш уюштуруп, балмуздак таратты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук «Тайлак баатыр» балдар спорт мектебинин директору, Баетов айылдык кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Билимбек Капарбек уулу үй-бүлөсүнүн атынан спорттук иш-чара өткөрүп, социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн чакырылган 500 балага балмуздак таратып берди.

Иш-чаранын алкагында өспүрүмдөр арасында чака чапмай, эстафета, аркан тартыш жана футбол боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө диплом, кубок жана баалуу белектер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×