Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 20.06.2016 15:15

Шашылыш билдирүү: 21-июндан 24-июнга чейин айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн

Turmush -  Өлкөдө 21-июндан 24-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

21-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, 21-июнда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын күтүлөт.

22-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

21-22-июнда абанын температурасы көпчүлүк аймактарда төмөндөп, жайыттарда түнкүсүн 2° сууктан… 3° жылуулукка жетип, күндүз 7…12° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

20-22-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталат, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

21-июнда Бишкек жана Ош шаарларында күтүлгөн аба ырайы

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, жогорку температурасы 28…30° жылуу болушу күтүлөт.

24-25-июнда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайынын болжолу

24-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Өлкөдө 25-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы акырындык менен жогорулайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×