Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.06.2016 15:12

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк мугалим «Менин кирешелүү чарбам» долбоору аркылуу 77 окуучуну, 6 мугалимди ишке тартты (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылындагы А.Курманбеков атындагы мектепте 25 жылдан бери эмгектенген Сагынгүл Дайрабаева «Менин кирешелүү чарбам» долбоору аркылуу окуучуларды эмгекке үйрөтөт.

С.Дайрабаева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 2 жылдан бери долбоордун алкагында 77 окуучуну, 6 мугалимди ишке тарткан. Элеттик мугалим өзү окуудан өтүп, кийин окуучуларга жашылча-жемиштерди өстүрүүнү үйрөтөт.

Окуучулар малдын кыгынан жана ар кыл кошулмалардан 3-4 ай аралыгында «компос» жер семирткичин даярдап, жаз алды менен күнөсканаларга жашылча өстүрүүдө пайдаланышат.

С.Дайрабаева «Менин кирешелүү чарбам» долбоорунун облустагы координатору болуп саналат. Мугалим ишинен кийин окуучуларды эмгекке үндөйт.

11-класстын бүтүрүүчүсү Айнура мугалими С.Дайрабаевага ыраазы. Ал өткөн жылы үй шартында долбоордун негизинде күнөскана куруп, акысыз үрөн алып, бир сезондо 50 миң сомго чейин каражат топтогон.

Долбоордун мөөнөтү аяктаган соң мугалим окуучулары менен бул ишти кеңейтүүгө аракет кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×