Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.06.2016 14:30

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Э.Бекчороева 45 жылдан бери билим берүү тармагында иштейт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылынын 65 жаштагы тургуну Эркин Бекчороева 45 жылдан бери билим берүү тармагында иштейт.

Эркин Бекчороева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал кыргыздын улуттук, нукура буюмдарын жасоону балдарга үйрөтүүнүн ыкмасын атайын автордук программа кылып иштеп чыккан. Ал ыкманы 10 жылдан бери райондогу мектептердин кол эмгек сабагынын мугалимдери колдонуп келишет.

Ал Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында көп жылдан бери орус тил жана адабият сабагынан мугалим болуп иштеп келген. 1992-жылы Жети-Өгүзгө келин болуп, элеттеги Д.Иманов атындагы орто мектебинде кол эмгек сабагынан мугалим болуп иштеп калган.

Ошондон тарта мектепте «Алтын оймок» ийримин уюштуруп, ал даярдаган балдар райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги сынактарда алдыңкы орундарды багындырып келет. Ал кийизден кыргыздын буюмдарын жасоо менен катар жарактан чыккан буюмдарга дагы экинчи өмүр берип, алардан ар кандай сүрөттөрдү жасайт. Мисалы, DVD-дисктер, саман, момпосуйлардын кабыктарынан портреттерди жасап, аларды кээде белекке берет.

«Дүкөндөн сатып алганга караганда колго жасаган буюм баалуу белек болуп саналат», - дейт ал.

Э.Бекчороеванын 8 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×