Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 20.06.2016 14:11

Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлеринин маянасын көтөрүү сунушталууда

Turmush -  Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын өндүрүш курулуш, жашылдандыруу секторундагы жумушчулардын айлык маянасын көтөрүү боюнча сунуш быйылкы жылы шаардык кеңешке берилген, деп билдирет аталган мекеменин жетекчиси Кылыч Сарбалаев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаардык кеңештин сессиясы боло элек.

«Эгер сессия болуп, депутаттар сунушту кабыл алып беришсе, ар бир жумушчунун иштөө мөөнөтүнө жараша айлык маянасы 8 миң сомдон 8,6 миң сомго чейин жогорулайт эле. Учурдагы эмгек маяна орточо эсеп менен 5300 сомдон 5600 сомго чейин», - деди ал.

Анын айтымында, ал 2013-жылдын февраль айынан тарта иштей баштаган. Ошол кезде жумушчулардын айлык акысы 1400 сомду түзгөн. Ошол жылдын август айынан тартып айлык маяналары көбөйгөн.

«2013-жылдын август айына чейин 3000 сомдон айлык алышса, кийин ар бир жумушчунун иш тажрыйбасына жараша маянасы көбөйүп, 5400 сомдон айлык ала баштаган», - деп кошумчалады ал.

Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгында 73 штаттык бирдик бар. Алар — трактор айдоочулар, күзөтчүлөр, механизаторлор жана электр кызматкерлери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×