Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.06.2016 13:14

Токтогулдук Ж.Кумарбеков 55 жыл мурда чоң энеси топтогон акчаларды сактап келет (фото)

Turmush -  Токтогул районунун 23 жаштагы тургуну Жаныбек Кумарбеков чоң энесинен калган, 1961-жылы топтолгон купюраларды сактап келет. Ал бул тууралуу аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, СССР учурунан калган акчаларды сатып алууну каалагандар дагы бар.

«Чоң энемде кантип сакталып жүргөнүн билбейм. Бир билгеним акча 1961-жылга таандык экен. Чоң энем 2 жыл мурун 103кө чыгып каза болгон. Менде эски рублдер бар экенин уккан россиялык бир кыз чалып, акчалардын 1 даанасын 30 рублдан сатууну суранды. Эгер баасы келишсе сатам деген ойдомун. Азыр менде 25 жана 10 рублдик акчалардан 18 даана бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×