Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 20.06.2016 13:08

Кара-Көлдө жыл башынан бери насыя алып, төлөй албаган 3-4 адам асынып өлдү, - тургун С.Бапиев (фото, видео)

Turmush -  Кара-Көл шаарында жыл башынан бери чакан насыя берүүчү компаниялардан, банктардан насыя алып, төлөй албай калган 3-4 адам асынып өлгөн. Бул тууралуу шаар тургуну Сүйүнбек Бапиев билдирди.

Анын айтымында, насыя алгандардан тышкары күрөөканалардан пайызга акча алгандар дагы кездешет.

«Бүгүнкү күндө насыясын төлөй албаган 30-40 жаран арыз менен Кыргызстандын насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылына кайрылышты. Мурун деле насыя алып, Россияга барып, иштеп насыяны кайра төлөп берчү элек. Акыркы эки жылдан бери жумуш жок, кризис болуп калды. Насыяларды төлөй албай жатабыз. Коммерциялык банктарга, чакан насыя берүүчү компанияларга барып, шартыбызды түшүндүрүп, жеңилдетип бергиле деп арыз жаздык. Алар көңүл бурган жок. Кайра өкмөткө, Жогорку Кеңешке, Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылына, Улуттук банктын төрөгасына  кайрылдык», - деди ал.

Ал белгилегендей, бийлик өкүлдөрү алардын жазган арыздарына көңүл бурбай койгондон кийин, алар 26-майда Бишкекте митинг өткөрүп, АКШнын элчиси Шейла Гуолтинге, БУУнун декларациясына таянып кайрылуу жасашкан.

«7-8-майда өкмөт токтом чыгарды. Чакан насыя берүүчү компаниялар менен коммерциялык банктардын эл менен болгон алакаларын текшерүү боюнча мэриянын деңгээлинде комиссия түзүлдү. Бирок, ал комиссия жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берген жок. 8-майда ошол комиссия коммерциялык банк, чакан насыя берүүчү компаниялардын башкы адистери менен жолугушуу өткөрүп: "Бизге эч ким арыз доо менен кайрылган жок" деп айтышыптыр. Чындыгында кайрылгандардын саны 30-40ка жетет», - деди ал.

С.Бапиев кошумчалагандай, быйыл январь айынан май айына чейин насыясын же карызын төлөй албай, асынып өлгөндөрдүн саны 3-4 кишиге жетти.

«Акыркы жолу май айында бир адам асынып өлдү. Ал банктан 45% үстөк менен насыя алган экен. Банктын адистери телефон чалып, насыяны төлөөнү талап кылышыптыр. Мындай учурлар көп кездешүүдө. Эгер насыясын төлөй албай кыйналгандар болсо Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылына кайрылышса болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×