Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баракелде, Бишкек 20.06.2016 13:01

Президент суу каптоолордун алдын алуу үчүн бардык иш-чараларды өз убагында жүргүзүүнү тапшырды

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаровду кабыл алды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

К.Боронов нөшөрлөп жааган жамгырдан жана күндүн катуу ысышынан улам суу ташкынга кабылган дарыялардын жээктерин бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө баяндама жасады.

Ал эми З.Айдаров суу ташкындарынан жана селден улам өлкөнүн ар кайсы жол тилкелеринде жолду суу чайкап кетүү коркунучу жаралганын, бирок, өз убагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында олуттуу кесепеттер болбогонун билдирди.

Президент куткаруучулар жана жолчулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге стратегиялык автожолдор жана башка инфраструктуралык объектилер жайгашкан аймактарды суу каптоо тобокелчиликтеринин алдын алуу үчүн бардык иш-чараларды өз убагында жүргүзүшү зарыл экенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×