Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 20.06.2016 12:59

Нарын облусу суу ташкынынан 8,8 млн сомдук зыян тартты, - ӨКМ башкармалыгы

Turmush -  Болжол менен суу ташкындарынын кесепетинен Нарын облусу 8 млн 80 миң сом материалдык зыян тартты. Бул тууралуу Turmush басылмасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Дөөлөт Ибраев билдирди.

Анын айтымында, учурда Ак-Талаа, Кочкор, Ат-Башы жана Нарын райондорунда суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу иштери улантылууда. Түзүлгөн кырдаалдан улам жалпы 32 атайын техника тартылып, анын ичинен үчөө министрликтен алынып келген.

«Жол каттамдары учурда бардык жерде үзгүлтүккө учураган жок. Бир гана Сары-Булак—Арчалуу—Оорук-Там унаа жолуна 16-июнда түшкөн чоң көлөмдөгү жер көчкү тазаланып жатат. Аталган жолдун 132-136-чакырымында болжол менен 4 миң кубдай топурак көчүп түшкөн.

Ошондой эле, Кара-Кужур өрөөнүндө 2 зым карагай кулап, 3 күндөн бери Оорук-Там айылында электр энергиясы жок.

Учурда "Чыгыш электр" ишканасы үзгүлтүккө учураган электр энергиясын тез арада калыбына келтирүү иштери менен алек. Аталган өрөөнгө зым карагайларды жүктөп баруу үчүн ал жакка жол салуу керек. Ошондуктан электр энергиясын берүү бир аз убакытты алышы мүмкүн.

Ушул тапта Ак-Талаа району боюнча Коңорчок айылында сай жээктерин бекемдөө, Кара-Бүргөндө Кайырма каналынын башкы курулмасын, Ат-Башы району боюнча 1-май айылында сай жээктерин бекемдөө, Казыбек, Ача-Кайыңды айылдарындагы көпүрөлөрдү, Кочкор району боюнча Сары-Булак, Оорук-Тамдагы электр мамыларын калыбына келтирүү, жолду жер көчкүдөн тазалоо, Кум-Дөбө айылында суу коргоочу дамбаны калыбына келтирүү, Нарын району боюнча "Салкын-Төр" жаратылыш паркын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Жалпы облус боюнча алганда алты турак жайды суу каптады. Ошондой эле, жалпы 15 гектар айдоо аянтын суу каптаган», - деди Д.Ибраев.

Учурда Нарын дарыясынын көлөмү секундасына 371 кубду түзүп жатат.

Адистердин айтымында, 15-июнда Нарын дарыясындагы суунун көлөмү секундасына 730 куб метрди түзгөн. Ал эми, дарыянын нормалдуу деңгээли — секундасына 300-400 куб метр.

Видео, фото - Нарын дарыясынын деңгээли кооптуу абалга жакындап калды

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери башталды (фото)

Ат-Башыдагы селдин кесепеттери (фото)

ӨКМдин жетекчилиги абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн аймактарга жөнөп кетти

Каракол суусундагы көпүрөнү суу алып кетиши мүмкүн (фото)

Нарын дарыясынын деңгээли эки эсе көтөрүлдү (фото, видео)

Баш-Кайыңды айылында селди токтотуп калуу аракеттери уланууда (фото)

Тоңдогу катуу жаандан Темир-Канат айылындагы каналдын суусу көтөрүлдү  

Ат-Башыда катуу жаан жаап, тоодон агын суулар түштү (фото)

Фото, видео - Кочкорлуктар жүздөгөн гектар айдоо аянтын, Бишкек—Торугарт жолун суудан сактап калуу аракетинде

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×