Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 20.06.2016 12:41

Үрмарал суусундагы чоң көпүрөнү сактап калуу аракеттери көрүлүп жатат

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында Үрмарал суусyндагы чоң көпүрөнү сактап калуу үчүн оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Аталган көпүрөнүн тирөөчтөрү кулап калуу коркунучунда турат. Аны сактап калуу максатында «Жолчу» ишканасы тарабынан оңдоо иштери башталды.

«Көпүрө мындан 20-30 жыл мурун эле кайра салынышы керек болчу. Быйыл суунун көп болгондугунан улам, эски көпүрө туруштук бере албай калды. Биз учурда өзгөчө кырдаалдан чыгуу максатында гана көпүрөнүн тирөөчтөрүн бекемдеп, бетондоо иштерин жүргүзөбүз. Жаңы көпүрө салуу муктаждыгы бар», - деди ишкананын жетекчиси Эсен Назаралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×