Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.06.2016 12:32

Жети-Өгүздүн Тосор айылында Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш-чара өттү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тосор айылында Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар келишти. Мында ардагерлер Үркүн маалында айыл элинин абалы туурасында уккандарын айтып беришти. Аны менен катар Тамга, Тосор айылдарынын элин Үркүндө сактаган аталардын эмгектери эскерилди.

Үркүн маалында 2 айылдын элин сактап калган Берикбай баатыр тууралуу дагы айтылды. Иш-чараны айыл аймак башчысы Кычан Жакыпов уюштурду.

Иш-чаранын алкагында уюштурулган «Жүрөк үшүткөн үркүн» деген темадагы маектешүү жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн райондон келген комиссиялык топ белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×