Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 20.06.2016 12:27

Оштогу көчөдөн табылган ымыркай энесине берилип, иш козголгон жок, - милиция

Turmush -  Ош шаарында белгисиз эне жаңы төрөгөн кызын көчөгө таштап кеткени маалымдалган. Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны М.Маматов жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөдөн тапкан.

Ымыркай 8-июнда саат 21:30 чамасында У.Салиева көчөсүндөгү №43 үйдүн алдына ташталган.

Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнөн кабарлангандай, ымыркайдын энеси табылып, кылмыш иши козголгон жок. Учурда ымыркай энесине кайтырылып берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×