Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 20.06.2016 12:07

Лейлек районунда кылкандуу дан эгиндерин оруу иштери башталды

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер, Бешкент айыл аймактарында кылкандуу дан эгиндерин оруу иштери башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда Лейлектин Тажикстан менен чектеш тарабында кылкандуу дан эгиндерин оруу иштери жүрүп жатат. Ал үчүн атайын комбайндар ишке киргизилип, оруу иштери боюнча бирдиктүү акы бекитилди. Комбайнчылар 1 гектар эгинди 2500 сомго оруп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×