Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.06.2016 12:06

Токтогулда энеси таштап кеткен 10 күндүк ымыркайды жергиликтүү үй-бүлө багып алды

Turmush -  Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл аймагына караган айылдардын биринде жергиликтүү үй-бүлөнүн короосуна 10 күндүк наристени энеси таштап кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, бир аптадан кийин наристенин энеси белгилүү болгон. Бул окуядан бери бир айдан ашык убакыт өттү.

Токтогул РИИБдин маалыматына караганда, он күндүк бала ташталган үй ээси — Үч-Терек айыл аймагынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери териштирүү ишин жүргүзүп, баланын энесин табышкан.

Наристенин энеси оорукчан болгондуктан баласын таштап кеткени белгилүү болгон. Ымыркай учурда ташталган үй-бүлөдө багылып жатат, ага наристенин энеси жана жакындары дагы макул болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×