Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 20.06.2016 11:14

Түптүн Михайловка айыл өкмөтүндө «Алтын балалык» бала бакчасы ачылды (фото)

Turmush -  Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүндө «Алтын балалык» бала бакчасынын ачылыш аземи болду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Анын ачылыш аземине айыл өкмөт башчысы Дамира Коңурбаева дагы катышты.

«Бул эски оорукананын имаратын Советтер Союзу тарай баштаганда келечекке кеңири ой жүгүрткөн азыркы бала бакчанын башчысы Кымбат Казакбаева сактап калууга аракет кылды. Айылдаштардан ашар уюштуруп, биздин жанды койбой, ар кандай долбоорлорду жазып, мүдөөсүн ишке ашырып отурат. Евросоюздун жана БУУнун долбоору аркылуу бала бакчаны кеңейтүү үчүн 320 миң сом, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан 350 миң сом каражат тартылды.

Чатырды оңдоп, жабууга 350 миң сом жумшалса, «Абдрай» фирмасынын жардамы менен 200 миң сомго бакчанын ичи оңдолду. Азамат Борбуков жердешибиздин салымы менен жылытуу системасы жасалды. Айылдык кеңештин чечими менен 432 миң сомго бала бакча тегерете курчалды. Мерсикодон 350 миң сомго эмеректер алынды. Калган кем-карч үчүн бүгүн марафон өткөрүп жатабыз», - деди Д.Коңурбаева.

4 тайпага бөлүнгөн 100 бала тарбияланып жаткан «Алтын балалык» бала бакчасы Түп районундагы 6-бала бакча болуп эсептелет.

Ачылуу аземин Михайловка айылдык кеңешинин төрагасы Данияр Айткожоев ачып, айыл өкмөт башчы Дамира Коңурбаева кыскача бала бакчанын жаралуу тарыхына токтолуп, ушул имаратты тонотуп жибербеген атуулдарга ыраазычылыгын билдирип, бакчанын жамаатына келечекте ийгилик каалады.

Бала бакчанын тарбиялануучулары ырдап, бийлеп, ата-энелерине жагымдуу маанай тартуулашса, ата-энелер, сырттан келген коноктор жана бала үчүн кайдыгер карабагандар марафонго салым кошушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×