Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.06.2016 11:03

«Тазалык-Ак-Суу» муниципалдык ишканасы 2 унаа алат

Turmush -  Ак-Суу районундагы Теплоключенка айыл өкмөтүнө караштуу «Тазалык-Ак-Суу» муниципалдык ишканасына жаңы автоунаалар алынат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Теплоключенка айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ишканага 2 унаа сатып алуу үчүн айылдык кеңеш акча бөлүп берди.

«Азыр ал унааларды сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алар алынып келсе автоунааларды ижарага алып жаткан чыгымдарыбыз азаят», - деп маалымдады «Тазалык- Ак-Суу» муниципалдык ишканасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×