Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баракелде, Бишкек 20.06.2016 11:03

Жумушчуну бала багуу боюнча өргүүсү учурунда иштен бошоткон мыйзамсыз, - Социликтөөлөр борбору

Turmush -  Жумушчуну бала багуу боюнча өргүүсү учурунда иштен бошоткон мыйзамсыз. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Социалдык-эмгек мамилелерди иликтөө борборунан билдиришти.

КРнын Эмгек кодексинин 137-беренесине ылайык, кызматкерге арызы боюнча баласы үч жашка чыкканга чейин багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилет. Тараптардын макулдашуусу боюнча ал үч жашка чыкканга чейин бала багуу үчүн өргүү кандай болбосун убакта жана кандай болбосун узактыкта берилиши мүмкүн. Бул мезгил ичинде жумушчунун кызмат орду сакталат.

Эмгек кодексинин 83-беренесинин 1-пунктунан башка учурларда (уюмдун жоюлушу, иш берүүчүнүн ишинин токтотулушу) кызматкердин убактылуу эмгекке жарамсыздык жана өргүүдө болгон мезгилинде кызматкерди иштен бошотууга жол берилбейт.

Демек, кызматчыны өргүү учурунда иштен бошотуу мыйзамсыз деп таанылат.

Мындай эмгек өргүү бүткөн соң гана, жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы эмгек келишим, бардык процедураларды сактоо менен бузулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×