Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 20.06.2016 10:43

Таш-Дөбө айылында жайлоого баруучу жолдорго 5 түтүк коюлду (фото)

Turmush -  АРИС уюмунун Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу долбоорунун алкагында Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Дөбө айыл аймагында жайлоого баруучу унаа жолдорго 5 түтүк коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттүн өкүлү Айбек Нуркожо уулу билдирди.

Анын маалыматына караганда, буга жалпы 128 миң 620 сом сарпталган. Анын 10 миң сомун өздүк салым катары айыл өкмөттүн тургундары чыгарышкан. Жалпы сумманын ичинен 37 миң сом жумушчуларга берилсе, калганына атайын керектүү шаймандар, түтүктөр алынып келинген.

Учурда тоого баруучу жолдорго түтүктөр орнотулуп бүттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×