Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуНоокат району 20.06.2016 10:34

Өрт өчүрүү кызматынын 90 жылдыгы Ноокатта белгиленди (фото)

Turmush -  Ноокат районунда Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси белгиленди. Райадминистрация маалымдагандай, 15-июндагы мааракеге өрткө каршы бөлүмдүн өкүлдөрү, Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев, айыл өкмөт башчылары, өрткө каршы кызматта иштеп кеткен ардагерлер катышты.

Иш-чаранын алкагында өрткө каршы күрөшүүдө туура жана тездик менен иш алып баруу көрсөтүлдү. Андан соң талыкпай эмгектенип, адам өмүрүн сактап калууда эрдиктерди көрсөткөндүгү үчүн бир топ кызматкерлерге райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×