Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баракелде, Бишкек 20.06.2016 10:14

Бишкектин бир катар көчөлөрү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Turmush -  Бүгүн, 20-июндан тартып Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол кыймылы жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы Капиталдык курулуш башкармалыгына шилтеме берүү менен билдирди.

Жол кыймылына чектөө киргизүү «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы оңдоо иштерин жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу.

Ошондой эле, Карасаев көчөсү Юнусалиев көчөсүнөн Бектенов көчөсүнө чейин жана Павлов менен Фучик көчөлөрүнүн ортосундагы Рыскулов көчөсү да тосулат.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочулардан алдын ала жол тандап алуусун суранат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×