Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 20.06.2016 09:48

«Жеңеке»: Бөлөсү менен үй-бүлө курган ысык-көлдүк Майрамгүл жайлоодо 25 бээ, 8 уй саайт (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоору аркылуу Turmush басылмасы Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эрдигин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Түп районунун тургуну Майрамгүл Айдакеева.

М.Айдакеева өзүнүн бөлөсү — Түп районунун Сары-Дөбө айылынын тургуну Алымбек Көчөрбаевге турмушка чыккан. Алардын чогуу жашап жатканына быйыл 9 жылдын жүзү болду. Майрамгүлдүн ата-энеси малчы болгондуктан, ал жай мезгилинде таежесинин (кайын энесинин) үйүнө барып, мал багууга жардам берчү.

Анын бөлөсү Алымбек Майрамгүлдү жактырып калып, «сөз айтсам карабай коёт» деп чоочулап, жактырган кызын ала качып кеткен. Учурда алар бактылуу экендигин белгилешет.

Алар жай келген сайын Чымынды-Сай жайлоосуна барып, өздөрүнүн жана элдин малын багышат. Быйыл алардын бул жайлоого чыкканына 8 жыл болду. Учурда алар 25 бээ, 8 уй саашат. Уйдан күнүнө 75-80 литр сүт алып, кымызды 40 сомдон сатышат.

Майрамгүл Айдакеева Ысык-Көл мамлекеттик университетинин туризм факультетин аяктаган. Бирок, өз кесиби менен иштебегенине өкүнбөйт.

«Жай келгенде эле тоолор мени өзүнө тартып турат, бул жерлерде менин балалыгым өткөн. Быйыл кошумча боз үй тигип, эс алуучуларды кабыл алып, каражат тапсакпы деп турабыз», - дейт М.Айдакеева.

Анын кайын энеси Шекер апа келининин оюн колдой. Бул жерге эс алуучуларды кабыл алып, 3 маал тамак, 5 маал саамал берип, каалоочулардын ден соолугуна жана эс алуусуна кам көрүүнү пландап жатышканын айтты.

Шекер апа келини сиңдисинин кызы болгондуктан, аны өз кызындай көрөт жана эки жаштын баштаган иштерине колдоо көрсөтүүгө даяр.

А.Көчөрбаев менен М.Айдакееванын Акмарал, Жасмин аттуу эки кызы бар. Көп балалуу болууну пландап жатышканын белгилешти.

«Жеңеке»: 68 жаштагы караколдук мугалим З.Сыдыкова «Манас» эпосун 5 саат токтобой айтат (фото)

«Жеңеке»: Жумгалдын келини Г.Ниязалиева 6 баланы тарбиялоо менен өз өмүрүн байланыш тармагына арнады (фото)

«Жеңеке»: Өзбек кызы Д.Абдулахапова – мектеп директору, орус тилчи мугалим жана кыргыз үй-бүлөнүн татыктуу келини (фото)

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Э.Токтокожоева ата-энеси жок балдарды өз балдарындай тарбиялайт (фото)

«Жеңеке»: Жазмира – «Погончон айым», «Супер кожойке» сынактарынын жеңүүчүсү, көп балалуу эне жана Нарын облусунун ардактуу айымы (фото)

«Жеңеке»: Жумгалда 25 жыл билим берген мугалим Г.Эгешова 4 баланы өстүрдү (фото)

«Жеңеке»: Бостеридеги тойлор К.Алмаматова даамдуу кылып бышырган «жаа бөйрөк» менен көркүнө чыгат (фото)

«Жеңеке»: 26 жаштагы жети-өгүздүк мугалим Аселди айылдаштары «ырчы келин» деп аташат (фото, видео)

«Жеңеке»: Фрунзеден учак менен чыккан Булбул жеңе жолдошунун үйүнө жетүү үчүн унаага, аягында тракторго түшкөн (фото)

«Жеңеке»: Ак-талаалык Г.Аянова жаа атып, тайган агытып, бүркүт салат (фото)

Жеңеке: Айбийке айылынын келини Элмира жолдошу менен агенттен таанышкан (фото)

«Жеңеке»: Жолдошу менен жайлоодо бизнес кылган алдыңкы мугалим, эгиздин түгөйү Кундуз эгиздин түгөйүнө турмушка чыккан (фото)

«Жеңеке»: Аксыга келин болгон өзбек кызы Матлюба ат минип, талаа иштерине жардам берүү менен улуттук тамак-аштын түрүн жасайт (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×