Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.06.2016 09:43

Ак-суулук токойчулар Чүй жана Нарын облустарында болуп, тажрыйба алмашты

Turmush -  Ак-Суу районундагы айыл өкмөттөрдүн, жаратылыш сейил бактарынын кызматкерлери Чүй, Нарын облустарында болуп, тажрыйба алмашып кайтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ак-Суу райадминистрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жакында райондун айыл өкмөт башчылары, «Каракол» жана «Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш сейил бактарынын кызматкерлери Чүй жана Нарын облустарында болушту. Иш-чара БУУнун өнүктүрүү программасы жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан турмушка ашырылып жаткан «Борбордук Тянь-Шань тоолорунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Ак-суулук токойчулар жана жергиликтүү органдардын жетекчилери Чүй өрөөнүндөгү «Чоң-Кемин», Нарындагы «Салкын –Төр» мамлекеттик жаратылыш сейил бактарынын иштери, Ат-Башы районундагы Ак-Муз айыл өкмөтүндө БУУнун ишке ашырылып жаткан долбоорлору менен таанышып чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×