Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 20.06.2016 09:27

Ош гарнизонундагы 36806-аскер бөлүктүн жоокерлери мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Ош гарнизонунда жайгашкан 36806-аскер бөлүгүндө жаңы келген жоокерлер ортосунда таймаш өткөрүлдү. Бир ай кызмат өтөгөн жаш жоокерлер командаларга бөлүнүп, күнүмдүк жашоосундагы машыгууларын, даярдыктарын жана өз милдеттерин жогорку деңгээлде көрсөтүштү.

19-июндагы мелдешти жоокерлер курал-жарактары менен 5 чакырымга чуркоодон башташты. Таймаштын жүрүшүндө курал-жаракты чачып, кайра чогултуу, турникке тартынуу, аскердик тоскоолдуктардан өтүү жана башка аскердик эстафеталар аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×