Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 20.06.2016 09:27

Киров суу сактагычына топтолгон суу максималдуу чыгарылып жатат (видео)

Turmush -  Талас облусунун аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн жана жаан-чачындын көптүгүнөн улам Киров суу сактагычында 15-июнда 545 млн куб, 16-июнда 547 млн куб, 18-июнь күнү 548 млн куб суу чогулган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Болот Батыркулов маалымдады.

Анын айтымында, Киров суу сактагычынын сыйымдуулугу 550 млн куб сууга эсептелинген. Көп жылдардан бери мындай суу топтоло элек болчу. Суунун кириши 3 күндөн 6 күнгө гана созулуп, кайра азайып калчу. Быйыл май айында жаан-чачын көп болуп, суунун көлөмү көбөйгөн.

«Өзөндөргө жамгыр жааса, тоонун башына сөзсүз кар жаайт. Кар аралашкан жамгыр мөңгүнү кошо ээритип, суунун деңгээлин көбөйткөн. Абалды көзөмөлгө алуу үчүн бардык иш-аракеттер көрүлүп жатты.

Жогорку зонадан баштап Талас дарыясына куйган суулардын көпчүлүгүн каналдарга бөлүштүрүп, нугун өзгөртүү менен бирге, дарыянын жээктерин бекемдеп, анализ жасап жатышты.

Бүгүнкү күндө Киров суу сактагычына секундасына 213 куб суу кирсе, чыгымы да ошол көлөмгө жетти. Күндүн ачылышы менен суунун кириши азайып, пайдаланууга жумшалууда. Башкача айтканда, суунун кириши азайып, суу максималдуу түрдө чыгып жатат. Абал кооптуу эмес, көзөмөл кылуу улантылууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×