Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.06.2016 09:15

Жети-Өгүздүн Жон-Булак айылында «Талаа күнү» тажрыйба алмашуу иш-чарасы өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда «Талаа күнү» тажрыйба алмашуу иш-чарасы өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Уюштуруучулардын айтымында, райондун Жон-Булак айылында өткөн иш-чарага Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген окуучулар, мугалимдер катышты.

Иш-чара «Биздин сунуш — сизге киреше» деген долбоордун алкагында өттү. Долбоор 2014-жылдан бери Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы мектептердин базасында уюштурулуп, демөөрчүлөр тарабынан акысыз үрөндөр берилген. Анда окуучулар мугалимдер менен үй шартында жашылча-жемиш өстүрүүнүн сырларын өздөштүрүшкөн.

Бул жолу алар өздөрү өстүргөн жашылча-жемиштен алган кирешелери, өстүрүүнүн сырлары туурасында ой бөлүштү. Долбоордун Жалал-Абад облусундагы координатору Бурмакан Качкынова долбоор Ысык-Көлдөгү 3 мектепте уюштурулуп, ал өз натыйжасын берип жатканын белгиледи.

Долбоордун негизинде мектепке жана окуучулардын үйлөрүнө күнөсканалар курулуп, алар 1 сотых жерге үрөн алышкан. Учурда алар алгачкы түшүмдөрүн ала баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×