Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 20.06.2016 09:07

Жумгалдыктар оор жүк ташыган унаалардын айынан көчөгө чыга албай калышты (фото)

Turmush -  Жумгал районунун тургундары оор жүк тарткан унаалардын айынан көчөгө чыга албай калышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Маалыматка караганда, оор жүк тарткан унааларга апрель айынан тартып райондун Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой жана Арал айылдарындагы ички жолдордон каттоого тыюу салынган. Бирок, оор жүк ташыган унаалар көмүр, жүк ташууну улантууда. Анын кесепетинен жол жээктеп салынган турак жайлар, жолдор жабыр тартууда.

«Жергиликтүү бийлик, жол кайгуулчулар буларды көзөмөлгө албайт. Биз көчөгө чыгып баса албай калдык. Үйлөрүбүз урай турган абалга келди. Чоң унаалар марттан баштап күзгө чейин каттабасын деген буйрукту көмүр ишканалары аткарбай жатат. Мындай абал улана берсе жол тосууга барышыбыз мүмкүн», - дешти жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×