Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 20.06.2016 11:29

Жумгалдык О.Жаанбаев кыргыз эли байыртадан этти муздаткычы жок сактаганынын сырын тапты (фото)

Turmush -  Жумгалдык Орунбек Жаанбаев кыргыз эли байыртадан этти муздаткычы жок сактаганынын сырын «Кыргыз озолоӊ» деген эмгегинде жазганын айтат. Бул эмгеги тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

- Алгач үй-бүлөӊүз, өзүӊүз тууралуу кеп козгосок.

- Жумгалда өсүп, чоӊойдум. Бирок, акыркы 5-6 жылдан бери ден соолугума байланыштуу Бишкек шаарында турам. Үй-бүлөлүмүн, эки кыз, бир уулум бар. Жылдыз деген улуу кызым Москвада. Андан кийинки кызым Ырыс Американын Чикаго шаарында, окуп-иштейт. Кичүү уулум Сагынбек Чаекте жашайт. Өзүм 1956-жылы Улуттук университеттеги тарых факультетин бүтүргөм.

- «Кыргыз озолоӊ» деген сөздү көпчүлүк билбесе керек. «Кыргыз озолоӊ» дегендин өзү эмне?

- Бул дары чөп. Илгертеден, тээ Манас атабыздан бери колдонулуп келген чөп. Муну эт, сүт кошулган тамак-аштын барына кошуп жейт. Өзүӊөр билгендей, Кеӊеш өкмөт учурунда, 1960-1970-жылдары биздин ата-бабаларыбыз үймө-үй согум сойчу. Кичине кезимде ата-энелерибиз «озолоӊ сепкиле, озолоӊ даамын чыгарат» деп айтып калышчу. Ал эми, Манас атабыздын убагында макан деп аташчу.

- Ата-бабаларыбыз этти муздаткычы жок 3-4 ай сактаганынын сырын таптым дедиӊиз. Ушул боюнча айтып берсеңиз.

- Маканды этке сээп, аны муздаткычы жок эле 3-4 ай сактап жешчү. Мунун касиети ушунда болуп атат. Эгер этке озолоӊ чөбүн сеппей коюшса, анда эт сасып, жегенге жарабай калмак. Демек ата-бабаларыбыз муну билишкен экен. Биологиялык, химиялык билими жок кыргыз ушул чөптүн дарылык касиетин кантип билди деген да суроо туулбай койбойт. Себеби, озолоӊдун сабагы, жалбырагы жана уругунун химиялык курамында биз билбеген көп нерсе жатат.

Алсак, Мг/100 граммында марганец – 5,8; цинк – 0,3; кремний -580; аллюмин – 250; молибден – 0,04; магний – 249; темир – 415; кальций – 415; никель – 83; титан – 24,9 жана башкалар бар экен.

- Демек дарылык касиети дагы бар экен да?

- Туура, буга чейин анын химиялык курамы эч жерде изилденген эмес. Бирок, орус окумуштуусу В.Махлаюктун изилдөөсүн карап көрсөм, адамдын ден соолугуна пайдалуу азык экен.

Алар төмөнкүлөр:

1) Адамдын денесиндеги тердин жана зааранын бөлүнүп чыгуу өлчөмүн көбөйтөт;

2) Өпкөдөгү какырыкты жибитип, сыртка чыгарат;

3) Ашказандагы кычкылтекти азайтат;

4) Эркектин бел күчүн арттырат (демек, учурундагы Сексенбай, Токсонбай деген ысымдагы балдардын төрөлүшү ушундан);

5) Аялдардын этек кирин тездетет;

6) Денедеги ар кандай кесик жараттар ырбап, ириӊдеп кетсе, айыктырат;

7) Ич өткөккө, тарамыштарга суук тийгенде жана денедеги канды калыбына келтирүүдө таасири чоӊ.

Өкүнчтүүсү буга чейин бир дагы окумуштуу бул чөп жөнүндө изилдебептир.

Мисалы, Т.Бөрүбаев, Бичурин, Радлов, Валиханов, Пржевальский, Семенов Тянь-Шанский, Бернштам, Абразон, Юдахин сыяктуу тарыхчы-этнографтардын, саякатчы-окумуштуулардын эмгегин аӊтарып, иликтеп көрсөм, бири дагы бул чөптү изилдешпептир.

Кыргыз озолоӊу өзгөчө даамга ээ. Мен унутпай калганымдын себеби, менин атам Жаанбай Жакыпбеков, апам Токтоналы кызы Асылкеч эт кошулган тамак-аштарга озолоӊду дайыма сээп, анан жедирчү. Ошол даам менин оозумдан кетпей калган. Эч бир жерде озолоӊ чөбү колдонулбай, унутулуп калбасын деп, кайрадан алып чыгып жатам. Кыргыз элинин дасторконуна кайра кайтарып бергим келди.

- Бул чөп өлкөбүздүн бардык аймактарында өсөбү?

- Бул Кыргызстандын тоолуу аймактарынын барында өсөт. Ошонун ичинен Нарын облусунда көбүрөөк өсөт. Дүйнө жүзүндөгү элдин тамак-ашында мындай даам жок. Мен буга 100 пайыз кепилдик бере алам.

Ушул эле чөптү тооктун этине сээп, бышыргандан кийин эттин курамында адам организмине пайдалуу кандай химиялык элементтер жайгашканын изилдеп көрдүк. Аны адам баласына өтө пайдалуу тамак-аш катары бааласа болот.

- Муну эми товардык бренд кылып иштеп чыгууну көздөп жатасызбы?

- Ооба, бул чөптү жылдан-жылга чогултуп, көбөйтөм. Анан 100-200 гектар жерге сээп, уругун алып, иштетем. Муну жакшылап ойлонсо, эл аралык деңгээлде бизнес кылса болот. Бул боюнча мен президент А.Атамбаевге, премьер-министр С.Жээнбековго жана башкаларга кайрылуу кат жолдодум. Эгер жакшы жооп болуп калса, өлкөгө да пайдасы чоӊ болот.

- Рахмат, ишиӊизге ийгилик!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×