Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-февраль

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: Жумгалдын келини Г.Ниязалиева 6 баланы тарбиялоо менен өз өмүрүн байланыш тармагына арнады (фото)

Turmush -  Жумгал районунун келини Ниязалиева Гүлнара Изатовна 1966-жылы Кочкор районуна караштуу Доң-Алыш айылында туулган. Жумгал районунун Жаңы-Арык айылына келин болуп, 5 кыз, 1 уулду тарбиялоо менен өз өмүрүн байланыш тармагына арнады.

Г.Ниязалиева билими боюнча эсепчи, азыркы А.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен билим алган. Учурда Жумгал районуна караштуу Жаңы-Арык айылындагы байланыш бөлүмүнүн жетекчиси.

Бул тармакка сиңирген эмгеги үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болуу менен райондук, облустук жана республикалык Ардак громаталарга татыган.

Өз жумушун берилүү менен аткарып, айыл ичинде жана  кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1534
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
13:47,   22.02.2017   ( 9 адам окуп жатат)
×