Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 15.06.2016 19:54

Видео, фото - Нарын дарыясынын деңгээли кооптуу абалга жакындап калды

Turmush -  Нарын шаарындагы калктуу конуштарда Нарын дарыясынын жээктерин бекемдөө аракеттери улантылып жатат. Адистердин айтымында, учурда суунун көлөмү секундасына 730 куб метрди түзүүдө. Ал эми, дарыянын нормалдуу деңгээли — секундасына 300-400 куб метр. Суунун деңгээли секундасына 800 куб метрге жеткени кооптуу абал жаратат. 

Ошондой эле, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда жайгашкан Жаңы-Жол аймагындагы жүк ташуучу унаалар өтүүчү көпүрөнүн жээгин суу жеп кетүү коркунучу жаралды. Бул тууралуу көпүрөгө жакын жашаган жергиликтүү тургундар билдиришти.

Видео:

Ошондой эле, Нарын шаарынын Москва чөлкөмүнө жөө адамдар өтө турган көпүрөнү Нарын дарыясынын суусу каптап кетүү коркунучу жаралды.

Жергиликтүү активист Чолпонбек Абасов бул аймакта  3-4 асма көпүрө бар экенин билдирди. Алардын бардыгы ушундай кырдаалда турат. Бул көпүрөлөр СССР мезгилинде курулган.

Нарын дарыясынын нормалдуу деңгээли

Нарын дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн абалы

Жети-Өгүз районунда абал кооптуу бойдон калууда (фото)

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери башталды (фото)

Ат-Башыдагы селдин кесепеттери (фото)

ӨКМдин жетекчилиги абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн аймактарга жөнөп кетти

Каракол суусундагы көпүрөнү суу алып кетиши мүмкүн (фото)

Нарын дарыясынын деңгээли эки эсе көтөрүлдү (фото, видео)

Баш-Кайыңды айылында селди токтотуп калуу аракеттери уланууда (фото)

Тоңдогу катуу жаандан Темир-Канат айылындагы каналдын суусу көтөрүлдү  

Ат-Башыда катуу жаан жаап, тоодон агын суулар түштү (фото)

Фото, видео - Кочкорлуктар жүздөгөн гектар айдоо аянтын, Бишкек—Торугарт жолун суудан сактап калуу аракетинде

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×