Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусу 15.06.2016 11:50

Баш-Кайыңды айылында селди токтотуп калуу аракеттери уланууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Кайыңды суусунун жээгиндеги жайыт жерлерди, мүрзөлөрдү жана сарайларды байланыштырган ички көпүрөнү 14-июнда саат 22:30да толугу менен суу алып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Баш-Кайыңды айылынын Кайынды суусунун жээгиндеги 600 метрлик дамбанын башындагы 50 метрге чукул жери суу алып кетүү коркунучунда турат. Суу алып кетсе 50-60 турак жайга коркунуч жаралат.

Дамбаны тосуу жана өзгөчө кырдаалды алдын алуу максатында айыл тургундарынан 20 ыктыярдуу куткаруучулар тартылып, каптарга кум, шагылдарды толтуруп, кооптуу жерлерге тизип жатышат. Бирок суунун агымы чоң болгондуктан, тизилген каптарды жууп кетүүдө.

Кайыңды суусундагы №20 жол тейлөө ишканасынын балансындагы көпүрөнү суу алып кетүү коркунучу жаралган. Мындан тышкары, Ат-Башы—Босого унаа каттамынын 20-чакырымынан 38-чакырымына чейинки тилкелеринде 12 жерден суу жеп кетүү корокунучу пайда болгон. Көпүрөнү сактап калуу максатында айылдан 45 ыктыярдуу куткаруучу тартылып, 100 даана кап берилди. Каптарга кум шагылдар толтурулуп, коркунуч жараткан жээктерди бекемдөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×