Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 15.06.2016 09:18

Ат-Башыда катуу жаан жаап, тоодон агын суулар түштү (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунда кечээ, 14-июнда саат 18:30дан 22:30га чейин тынымсыз жамгыр жаап, тоодон агын суулар түштү. Райондук жарандык коргонуу комиссиялары координациялоо жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, саат 23:30 чамасында ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан түзүлгөн ыкчам топту жеринен тактоо, уюштуруу иштерине жөнөттү.

Бүгүн, 15-июнда саат 08:30да ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы, полковник Токтобек Шонкоевди да кырдаалга жеринен жетекчилик кылуу үчүн Ат-Башы районуна жөнөттү.

Жаандан улам Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Баш-Кайыңды айылынын түштүк тарабындагы жайыт жерлерди, мүрзөлөрдү жана сарайларды байланыштырган ички көпүрөнү толугу менен суу алып кеткен.

Казыбек айыл аймагындагы Казыбек-Жаңы-Күч айылдарын байланыштырган Чекенди сайындагы көпүрөнү суу алып кетүү коркунучу пайда болгон.

Талды-Суу айыл аймагынын Талды-Суу айылындагы Жарык-Таш суусунун деңгээли көтөрүлүп, ички көпүрөнү алып кетүү коркунучу пайда болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×