При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.94    75.99    1.21    KZT 0.22

«Жеңеке»: Жазмира – «Погончон айым», «Супер кожойке» сынактарынын жеңүүчүсү, көп балалуу эне жана Нарын облусунун ардактуу айымы (фото)

Turmush -  Нарындагы 2025-чек ара бөлүктүн аскер кызматкери, аталган бөлүктүн аялдар кеңешинин төрайымынын орун басары Жазмира Дүйшеева чек араны кайтарып, жигиттер менен тең тайлашып кызмат кылып эле тим болбостон, төрт балага мээримдүү эне, асыл жар. 

Офицер жолдошу Умар Шекербай уулу менен турмуш кайыгында бирге сүзүп келишет. Жазмиранын айтымында, аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүндөгү эң негизги көйгөйлөрүнүн бири – жер которуп, көчүп-конуу. Жубайлар Чаткал, Шамалды-Сай, Ош жана Нарындагы чек ара бөлүктөрүндө кызмат өтөшкөн.

Жазмира университетте чет тилдер факультетинде окуп жүргөндө эле ыр-бийге шыктуу болчу. Бүгүнкү күндө анын хоббиси –  «Кара жорго» жана вальс бийлерин бийлөө. Бир катар сынактарга катышып, бий боюнча алдыңкы орундарга да ээ болгон. 

2014-жылы патриоттуулукка үндөөгө жана аялдардын аскердик кызмат өтөөсүн жайылтууга кошкон салымы үчүн премьер-министр Жоомарт Оторбаевден алкыш алган.

Мындан эки жыл мурда республикалык деңгээлдеги «Погончон айым-2014» сынагынын биринчи орунун ээлеген. Ошондой эле, ага «Нарын облусунун ардактуу айымы»  наамын облустун аялдар конгресси ыйгарган.

Каарманыбыздын бош убактысы өтө аз. Жумуштан кийинки убактысында балдарына көңүл бурганга аракет кылат. Алардын мектеп жашындагы эки баласы мыкты окуучулардын катарын толуктайт. Улуу кызын кол өнөрчүлүккө үйрөтүп жатканын кошумчалады.

«Кызымдын кол өнөрчүлүккө шыгы бар. Сайма сайганды тез эле үйрөнүп алды. Эми илме шибеге менен түймө түйгөнгө кызыгып жатат», - деди Жазмира.

Аскердик бөлүктө өткөн «Супер кожойке» сынагынын баш байгесин жеңип алган Жазмира 5-классты аяктаган кызы Розалитага тамактын түрүн жасаганды да үйрөткөн.

«Кыз бала үчүн эң негизги сапаттардын бири – бул аялга тиешелүү жумуштарды жасай билүүсү. Андыктан кызыма өзүм билген нерсенин баарын үйрөткүм келет», - дейт жоокер айым.

Ошондой эле, жоокер айым аскердик даярдык боюнча 100 метр аралыктан автоматтан, 25 метр аралыктан «Макаров» тапанчасынан бутага жазбай атып, ар дайым  «мыкты» деген баага татыйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4517
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Meerim.11
17:06, 11 июня 2016
Чыныгы айым, уйду дагы, ишти дагы бирдей алып кеткен.
комментарий удален администрацией сайта
комментарий удален администрацией сайта
Нет аватара
urmat.alieva
16:50, 11 июня 2016
Уйдо да, жумушта да, коомчулукта да оз салымын кошо билген ушундай айымдар биздин жигиттерге насип кылсын
Нет аватара
urmat.alieva
16:47, 11 июня 2016
"Айымга жетимиш онор аздык кылат" деген жаны макалга туура келчудой.
Нет аватара
urmat.alieva
16:46, 11 июня 2016
Кыргызда мырзалардан кем эмес айымдар бар экени кубандырат
Нет аватара
Bakyt.bookav
16:42, 11 июня 2016
Кыргыздын чыныгы айымы!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×