Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

«Жеңеке»: Жумгалда 25 жыл билим берген мугалим Г.Эгешова 4 баланы өстүрдү (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Жаңы-Арык (Кызарт) айылындагы Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты сабактары боюнча мугалими Гүлмайра Эгешова эмгек жолунда мектеп директорлукка чейин жеткен. Анын эмгек жолу менен аймактык кабарчы таанышты.

Эгешова 1967-жылы ушул эле райондун Кызыл-Жылдыз айылында туулуп өскөн. Кызарт айылына турмушка чыгып, эмгек жолун билим тармагында уланткан. 1992-жылдан бери Р.Солтонбеков орто мектебинде үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Акыркы 25 жылдан бери билим тармагында эмгектенип, мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, 4 жыл мектеп директору кызматтарын аркалады.

«Биздин мектеп райондогу алдыңкы мектептердин бири. Балдарга билим берүү өзгөчө бир кесип. Бош убактыбызда ар кандай ийримдерди өтүп, келечек муундарга ар тараптуу билим берүүнү көздөйбүз», - деди Г.Эгешова.

Г.Эгешова 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2117
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×