Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 31.05.2016 08:50

Фото - Алты миллионунчу болуп төрөлгөн Айлин ата-энесин ар кандай кылыктары менен сүйүнтүүдө

Turmush -  Өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин 6 айлык болуп, ата-энесин ар кандай кылыктары менен сүйүнтүүдө. Ден соолугу жакшы, деп билдирди апасы Рахат Белекова аймактык кабарчыга.

«Кызым башка балдарыма караганда оор басырыктуу. Азыр баарыбызды таанып калды. Улуу агасы көп көтөргөндүктөн, ага көп барат. Алдыңкы тиштери чыгып жатат, отуруп калды. Көтөргөндү аябай жакшы көрөт. Баарыбыз карап турабыз. Өтө дилгир, мени жанынан бир карыш да чыгарбайт, дароо ыйлап баштайт», - деди Р.Белекова.

Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны Айлин 2015-жылы 25-ноябрда саат 18:12де Ош шаарындагы төрөт үйүндө жарыкка келди. Ал Улуттук гвардиянын №703 аскер бөлүгүнүн командири Алмаз Кожошев менен 39 жаштагы Рахат Белекованын 6-баласы болду. Эми алар 3 уул менен 3 кыздын ата-энеси.

Видео, фото - Кыргызстандык 6 миллионунчу жарандын чоң үй-бүлөсү

Туулгандыгы тууралуу алтын күбөлүк тапшырылган Айлин менен апасы 28-ноябрда салтанаттуу түрдө төрөт үйүнөн өз үйүнө чыгарылды. Ошондой эле Кыргызстандын 6 миллионунчу жаранына мамлекет тараптан 1 миллион сомдун сертификаты, 4 бөлмөлүү үйдүн ачкычы жана өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан 100 миң сом сүйүнчү берилди.

Президент 6 миллиончу кыргызстандык менен болжолдуу бир мезгилде төрөлгөн 14 ымыркайга 1,4 млн сом бөлдү (энелердин тизмеси)

Фото - Туң кызын Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны менен бир учурда төрөгөн ак-суулук 18 жаштагы эне өлкө башчысынан 100 миң сом сүйүнчү алды

Фото - Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны менен бир убакта төрөлгөн 14 ымыркайдын катарын токтогулдук Билал толуктады

Ноокендик эне 6-кызын Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны Айлин менен бир учурда жарыкка алып келди (фото)

Фото - Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны менен бир учурда жарык дүйнөгө келген 10 ымыркайдын бирин 25 жаштагы ак-талаалык эне төрөдү

Фото - 18 жаштагы Сымбат биринчи кызын Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны менен бир учурда төрөдү

6 миллионунчу жарандын энеси менен бир учурда көз жарган 14 эненин бири Манас районунун 18 жаштагы тургуну Р.Токтомамбетова (фото)

Фото - Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны менен бир учурда төрөлгөн Умаралинин ата-энеси 10 балалуу болууну кыялданат

Фото - Алайда 6 миллионунчу жаран менен бир учурда төрөлгөн Бекболсундун ата-энесине президенттин атынан 100 миң сом тапшырылды

Фото - 6 миллионунчу Айлин менен удаа төрөлгөн Умаралинин ата-энесине президенттин атынан 100 миң сом тапшырылды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×