Turmush — Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылынын тургуну Нурсултан Сапаралиев аркардын каны аралашкан долан тукумундагы койду Кытайдан алып келип, анын тукумун көбөйтүү аракетин көрүп жатат.
Нурсултан аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, өткөн жылы козулардын ар бирин 500 доллардан саткан. Учурда долан менен гиссар койлорун аргындаштырып, жергиликтүү элге кочкорлорду ижарага берүүдө.
«Долан породасындагы койлор негизинен бойлуу келип, эт багытында өстүрүлөт. 5 айлык козусу 92 кг чейин эт берет. Сырткы келбети боюнча да айырмаланып, кулагы 32-92 сантиметрге жетет», - деди фермер.
Долан – кой баласынын сейрек кездешүүчү, кымбат породасы. Ал тез салмак кошуп, эттүүлүгү менен айырмаланат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.