Turmush — Лейлек районунун Ак-Суу айылынын тургуну Айжан Халмуратова 10 жылдан бери кийизден түрдүү сувенирлерди жасайт. Аймактык кабарчы чеберден кабар алды.
«Мен чеберчиликти мындан 10 жыл мурун баштагам. Эжем атайын тигүүчү цехтерге алып барып үйрөттү. Ошондон кийин менде кызыгуу пайда болуп, түрдүү буюмдарды жасап баштадым. Алгач кыздарга сеп даярдап, төшөктөрдү курачумун. Азыр кийизден ар кандай белекке берилүүчү сувенирлерди жасап жатам.
Сувенирлердин атайын үлгүсүн чыгарып алып, кийин бирдей формада кесип алабыз. Көбүнчө жаныбарларды жасайбыз. Бизге алгач бычмачы эже бычып берип, биз аны кооздоп тигип чыгабыз. Өзүм 1 күндө 20дан ашуун сувенирди жасоого үлгүрөм. Фантазияңа жараша кооздоп жасай бересиң», - деди А.Халмуратова.
Чебер айымдын балдары да апасынын жолун улап чеберчиликке кызыгат.
«4 уул, 1 кызым бар. Кызымды кичине кезинен эле чеберчиликке үйрөткөм. Учурда үйдө буйрутма алып, кыргыз чапандарын жасайт. Ал эми бир уулум үйлөрдү кооздоп иштейт. Ар бир иштин өзүнө жараша кыйынчылыгы болот. Аракет кылсаң, анын үзүрүн көрөсүң. Мен жаш кыздарды чебер болууга чакырам. Учурда чеберчиликке суроо-талап көп», - деди А.Халмуратова.