Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 24.05.2016 14:59

Өкмөт башчынын жардамчысы жетектеген Өзгөндөгү айылдын башкы кеңсеси кароосуз калды (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башкы кеңсесинин абалы начар. Ал айыл өкмөттү буга чейин өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы Эрнист Толтоев жетектеген.

Айыл өкмөттүн имаратынын чатырын шамал учуруп кеткен. Андан сырткары айыл өкмөттүн имаратынын алдында жайгашкан В.Лениндин эстелиги дагы каралбай, ар кандай маалыматтар жазылган атайын дубалдагы жазуулар дагы өчүп калган. Ошондой эле, ажатканасы жок айыл өкмөттүн имаратынын айланасына таштандылар үйүлүп турат.

Эрнис Толтоев 27-мартта Ош шаардык кеңешине КСДП партиясынан депутат болуп шайланган. С.Жээнбеков өкмөт башчылыгына дайындалганда анын жардамчысы болуп Э.Толтоев дайындалган.

Ал 2013-жылы 27 жашында Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланып, Кыргызстандагы эң жаш айыл өкмөт башчы болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×