Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-февраль

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: Бостеридеги тойлор К.Алмаматова даамдуу кылып бышырган «жаа бөйрөк» менен көркүнө чыгат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Бостери айылынын тургуну Кызылгүл Алмаматова даамдуу жасаган «жаа бөйрөк» менен таанымал. Ал козунун этинен даярдалган даамдарды тойлордо жакындарынын өтүнүчү менен башырып берет.

«Жаш козунун этинен даярдалган тамактын түрүн Нарын жергесинен үйрөнүп келгем. Учурда Бостеридеги тойлордун көпчүлүгүндө "жаа бөйрөк" тартууланып калды. "Жаа бөйрөк" жаш козунун этинен жасалат. Бүтүн козунун ичине бөйрөктөрүн гана калтырып, 12 саат 3 литр каймакка, ар кандай татымдарды кошуп чылап коебуз. Андан соң казандын ичине жыгачтарды тизип, үстүнө даяр болгон козуну салып, 3 саат бою бууга бышырабыз. Даяр болгон эт өзгөчө даамдуу болот», - деди К.Алмаматова.

Ал Бостеринин келини катары «жаа бөйрөктү» тойлордо акысыз жасап берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2941
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×