Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баракелде, Бишкек 21.05.2016 10:45

Кыргызстанда жаш төкмө акындардын турнеси башталат

Turmush -  23-майдан тарта жаш төкмө акындар Кыргызстан боюнча турнеге чыгат. Бул тууралуу турненин уюштуруучусу «Ыйман» фонду маалымдады.

Маалыматка караганда, 23-майда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 18 акындын катышуусунда айтыш өтөт.

«Бул турне көрөрмандарга өздөрүнүн маданиятын эстегенге гана жардам бербей, жаш акындарга талантын такшалтканга да мүмкүндүк берет деп ойлойм», - деди төкмө акын Баян Акматов.

Акындар 15-майда Нарын облусуна, 26-28-май күндөрү түштүк тарапта өнөр көрсөтүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×