Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Баракелде, Бишкек 19.05.2016 09:21

ИИМ менен Мамкаттоо Стамбулда аныкталган Кыргызстандын жасалма паспорттору боюнча иликтөө жүргүзөт

Turmush -  Кечээ, 18-майда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков болжолдуу Түркиянын Стамбул шаарында аныкталган Кыргызстандын жасалма паспорттору маселесине байланыштуу жыйын өткөрдү, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Жыйынга КРнын ички иштер министри Мелис Турганбаев, КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев катышты.

«Бул сыяктуу көрүнүштөр Кыргызстандын аброюна олуттуу түрдө шек келтирип, жарандардын мамлекеттик бийликке карата ишенимин төмөндөтөт», - деген премьер-министр, бардык күчтү аталган тармактагы коррупциялык схемаларды жоюуга жана бул маселеге чекит коюуга жумшоо керектигин белгиледи.

Ошондой эле, ИИМ жетекчисине ыкчам иликтөөнү жүргүзүү үчүн атайын топ түзүү тапшырылды. Өз кезегинде Т.Сарпашев, Мамкаттоо иликтөөнүн жүрүшүнө ар тараптуу көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.

КР ИИМ жана Мамкаттоо аталган паспорттук маселени иликтөө боюнча биргелешкен иштин жүрүшү тууралуу коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берип турмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×