Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусуӨзгөн району 18.05.2016 17:13

Өзгөндүн 21 жаштагы тургуну жердешинин короосуна уурулукка кирген

Turmush -  Кечээ, 17-май күнү Өзгөн районунун О.М. аттуу тургуну жашаган үйдүн короосуна кирген белгисиз адамдар койлорду уурдап кетишкен. Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Өзгөн районунун 1995-жылы туулган тургуну кармалды, деп билдирди ИИМдин Оштогу башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Шектүү катары кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси менен кылмыш иш козголду. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы текшерилип, тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×