Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Баракелде, Бишкек 18.05.2016 16:42

Экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу 12 жылга эркинен ажыратылды

Turmush -  Кечээ, 17-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Муралиев Алтынбек Амангелдиевичке карата өкүм чыгарды, деп билдирди Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Соттун чечимине ылайык, А.Муралиев КР КЖКнын 292-беренеси (Мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкү конфискациялануу менен күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында жаза өтөөгө 12 жылга эркинен ажыратылды.

Эске салсак, 2014-жылдын 3-ноябрында өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Алтынбек Муралиев тыңчылык боюнча шектүү катары кармалганы маалымдалган.

Ал УКМК кызматкерлери тарабынан 1-ноябрда (2014-жылы) кармалып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 302-беренесинин (Кызматтык сырдын маалыматтарын чет элдик уюмдарга берүү максатында чогултуу же берүү) белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кийин, «Дело №» гезити 5-ноябрдагы санында, А.Муралиев жашыруун маалыматтарды жакынкы кошуна өлкөлөргө бергенин жазып чыкты.

«Биздин маалыматтар боюнча, Алтынбек Муралиев биздин жакынкы кошуна мамлекеттерге жашыруун маалыматтарды берген, кайтарымсыз, албетте. Анын жыйынтыгында, чет жактардагы татаал сүйлөшүүлөргө узак убакыт бою даярданган кыргыз расмий делегациялар, ал жакка барышканда, сүйлөшүүлөр көпчүлүк учурларда жемиштүү болбой калып жүргөн - өнөктөштөр күн мурунтан эле кыргыз көзүрлөрүн билип коюшчу», - деп жазган басылма.

Кошумчалай кетсек, Алтынбек Муралиев 1999-2000-жылдары Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп эмгектенген Амангельди Муралиевдин уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×