Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баракелде, Бишкек 18.05.2016 15:53

«Кыргыз тилиндеги диний сөздөрдүн кыскача түшүндүрмөсү» жарык көрдү

Turmush -  КРнын улуттук илимдер академиясында «Кыргыз тилиндеги диний сөздөрдүн кыскача түшүндүрмөсү» аталышындагы китепченин бет ачары өттү, деп билдирди бүгүн, 18-майда УИАнын басма сөз кызматы.

Китеп Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштуулар кеңеши жана Кыргызстан мусулман дин башкармалыгынын билим берүү бөлүмүнүн сунушунун негизинде, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан басылып чыкты.

Китепти түзүүчүлөр Чубак ажы Жалилов, Кубатбек Кошмоков.

«Кыргыз тилиндеги диний сөздөрдүн кыскача түшүндүрмөсү» китебинин басылып чыгышынын бүгүнкү күндө актуалдуулугуна токтолгон «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков: «Технологиянын батыл өнүгүшү менен мындан он жыл илгери акылыбызга келбеген, оюбузга кирбеген бир топ жаңы сөздөр тилибизге кошулду. Акыркы он жыл аралыгында элдин динге жакындаганы байкалууда. Бирок белгилей кете турган нерсе - диний темада баарлашууда айрымдар кыргыз тилинин ченемдерин, мыйзамдарын анчейин сактай бербегени чындык. Мына ошону эске алуу менен диний сөздөрдү жатык тилде кыска-нуска түшүндүрүү ниетинде аталган китепти даярдоого белсендик»,- деди.

Китеп 1000 нуска менен басылып чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×