Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Баракелде, Бишкек 18.05.2016 10:09

Стамбулда 98 уйгур Кыргызстандын жасалма паспорттору менен кармалды

Turmush -  Түркиянын Стамбул шаарындагы «Ататюрк» эл аралык аэропортунда уйгур улутундагы Кытайдын 98 жараны жасалма кыргызстандык паспорттор менен кармалды. Бул тууралуу түркиялык «Хаберлер» агенттиги жазды.

Маалымдалгандай, кармалгандар Үрүмчүдөн Сауд Аравиясына бара жатышкан.

«Жасалма паспорт үчүн ар биринен 2,5 миң евро, ошондой эле билетке 300 доллар алып жаткан 4 адам байкоого алынган. Кытайлык Үрүмчүдөн Стамбулга учууда кармалгандар Сауд Аравиясына жөнөө үчүн кызыктуу жолду табышкан. «Ататюрк» аэропортуна учуп келип, кармалгандар ошол жерден Түндүк Кипрге билет алышкан. Паспорттук көзөмөлдөн өтүп жатышып, 4 адам Кыргызстандын жарандары деген жасалма паспортторду көрсөтүшкөн», - деп айтылат маалыматта.

98 адамдан турган топ Джидда (Сауд Аравиясы) шаарына багыт алган учакка отураарда түндө кармалышты. Ошондой эле, 4 уюштуруучу да камакка алынды.

Себептер аныкталган соң бардык 98 адам Кытайга депортацияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×