Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуНоокен району 17.05.2016 13:01

Ноокендик ишкердин 450 миң долларын уурдап кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Turmush -  Ноокендик ишкерди тоноп, 450 миң долларын уурдап кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши Ноокен РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси («Каракчылык») боюнча козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Окуя тууралуу:

Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери «Допинг» жана «Мыйзамсыз» операциясында Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган Улугбек аттуу тургунун 15 грамм гашиш заты менен кармаган. Баңгизат анын автоунаасынан чыккан. Иликтөө иштеринин натыйжасында ал 8-майда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда болгон карактоого тиешелүү болуп чыкты.

Маалым болгондой, Ноокендик ишкердин 450 миң АКШ долларын белгисиз атуулдар карактап кетишкен. Улукбектин жанынан 2 миң доллар, үйүн тинтүү учурунда 10 миң доллар чыккан. Анын карактоого шектелген Дилшот, Аббас аттуу шериктери да кармалып, Дилшаттын үйүнөн 200 доллар чыкты.

Улукбек Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалып, шериктери Дилшот менен Аббас Жалал-Абад милициясына өткөрүлдү. Ноокендик ишкер Бишкек шаарына унаасы менен бара жаткан жолдон тонолгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×