h Turmush: «Жеңеке»: Кара-Көлдө «Супер келинчек» сынагын жеңген К.Курманбекова чынында супер келин (фото)

При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 24-март

«Жеңеке»: Кара-Көлдө «Супер келинчек» сынагын жеңген К.Курманбекова чынында супер келин (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 29 жаштагы тургуну Канчайым Курманбекова «Супер келинчек» сынагынын баш байгесин жеңгени маалымдалган.

Анын айтымында, 2014-жылы Жазы-Кечүү айылына турмушка чыккан. Кесиби боюнча медайым.

«Жолдошум Урмат менен сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Учурда 6 айлык Бакжамал аттуу кызыбыз бар. Мен кайын журттун босогосун аттаарда, кайненем оозума сары май салып, сүйүнүчтөн ыйлап тосуп алганы эсимде. Көрсө өзүмө окшогон ырчы келин туш келди деп сүйүнүчтөн көзүнө жаш алган экен», - деди ал.

Анын кайненеси Гүлбаркан Жантаева келини үйдү таза кармап, тамакты даамдуу кылып жасай тургандыгын айтты.

«Канчайым келиндеримдин кичүүсү. Кудай буюрса келиним оюмдагыдай. Төрт тарабы төп келген, келбетине жараша жүрүшү шайдоот-шайыр, кайын журтка карамдуу, төркүнүнө сыйлуу, курдаштарына сырдаш, мыкты келиним бар. Үйүмдүн терезелерин, эшигимдин алдын гүлгө толтурду. Үйдү таза ирээти менен кармайт.

Тамактарды тамшантып даамдуу жасайт. Өзгөчө олобо, быжы, беш бармак, гүлчөтай өңдүү улуттук тамактарды мыкты жасайт. Тигүүчүлүк өнөрү дагы бар. Өзгөчө түрдүү түстүү жиптен өзү каалагандай көйнөктөрдү, үй буюмдарды түйөт. Комузда кол ойнотуп ырдайт. Бош убакта келиним экөөбүз Рыспай Адыкадыровдун ырларын, элдик ырлардан обон созуп ырдайбыз. Балам Урмат экөө бизди бактылуу чоң эне, чоң ата кылып, Бакжамал аттуу неберелүү кылышты», - деди ал.

Канчайым Курманбекова кол өнөрчүлүк менен түймөчүлүктү апасынан үйрөнгөндүгүн кошумчалады.

«Түймөгө кичинемден кызыкчумун. Көбүнчө айымдардын жоолуктарын, жаздык, төшөк жапкычтарды түйөм. Кыздуу болгондон бери кызыма ар түрдүү баш кийимдерди, көйнөк, байпак өңдүү керектүү кийимдерди түйүп кийгизип коем», - деди «супер келинчек».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1792
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×