Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-февраль

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: Ак-талаалык Г.Аянова жаа атып, тайган агытып, бүркүт салат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын 42 жаштагы тургуну, фельдшер айым Гүлмира Аянова жаа атып, тайган агытып, бүркүт салат. Г.Аянова менен аймактык кабарчы маектешип кайтты.

Гүлмира Аянова 1976-жылы Коңорчок айылында туулган. 1991-1993-жылдары Нарын шаардык медициналык окуу жайында, 2005-жылы И.Арабаев атындагы педагогикалык университетинде жогорку билимге ээ болгон. Кесиби боюнча фельдшер жана биология-химия сабактарынан мугалим.

Учурда үй-бүлөлүү, 2 кыз, 3 уулдун энеси.

Г.Аянова 2015-жылдын октябрь айынан бери салбурунга катышып, жаа атуу менен машыгып баштаган. Мындай аракеттери көптөгөн ийгиликтерди алып келүүдө. Алсак, Нарын облусунда өткөн салбурунда 3-орунга жетишсе, Талас облусунда өткөн салбурунда 2-орунду камсыздаган. Мындай өнөр анын ата-бабасында бар.

«Салбурунга түшүү ата-бабамдан бери уланып келе жатат десем болот. Таятам Жожон уулу Касмаалы Коңорчок айылында мүнүшкөр адам болгон. Бүркүт таптап, тайган агытып, жокчулук заманда бир уруу элди мүнүшкөрлүк менен баккан экен. Укканым боюнча анын 2 бүркүтү, 5-6 тайганы 2 дөбөт ити болгон. Ууга чыгаарда иттерин бир жума мурда тоо тарапка багыттап агытып турган. Артынан өзү барганда иттери жар бооруна кайберендерди үйүрү менен камап тосуп алчу экен. Камалган кайберендердин ичинен айыл элине жетиштүүсүн атып алып, калган кайберендерди коё берчү деген кептер уламыш болуп айтылып келет.

Таятамдын 1 уул, 3 кызы болгон. Уулу Дөөт ата жолун жолдоп, өмүр боюу мүнүшкөрлүк кылып, бүркүт таптап, тайган агытып келди. Таятамдын Дөөт аттуу ити өтө акылдуу, күчтүү ит болгон экен. Таятам өзүнүн жалгыз уулун ошол жаныбардай акылдуу, күчтүү болсо деген тилек менен Дөөт деген ысым берген экен. Бирок өкүнүчтүүсү ал уулунун жолун улаган баласы болгон жок. Ошондуктан мени бала кезимден Дөөт таятамдын жанында ат үстүндө жүргөнгө, бүркүт коё бергенге даярдашып, тайган менен ойноп жүргөн элестер калган.

Таятамдын карышкыр, илбирс ичиктери бар эле.Түлкүнүн бучкактарын (бутунун териси) кураштырып тигилген тону бар болчу. Ал тонго бери дегенде миңге чукул түлкүнүн бучкагы кеткенин, бул адам мыкты мүнүшкөр болгонун эми түшүндүм.

Бала кезимдеги бүркүттөрдүн шаңшыган үнүн унутуп калган кезимди эске салып, салбурунга чакырып, билбегендеримди үйрөткөн Салбурун федерациясынын президенти Алмаз Акуновго ыраазычылыгымды айтып келем. Тайларымдын жолун улап, салбурун менен жаа тартып калганым да жөн жерден эместигине ишенем.

Өкүндүргөнү, улуу журт болгон Ак-Талаа жергесинде бул өнөрдү улаган жаш муундардын жокко эсе болгону. Башка аймактарда куш салып, бүркүт таптап, тайган агытып, жаа атып, мелдештерде ийгилик жараткан жаштардын көп экендиги кубантат. Келечекте бул өнөрдү биздин аймактагы жаш муундарга үйрөтүүнү чоң максат кылып, изденүүнүн үстүндө иштеп жатам. Буюрса ийгиликтер алдыда», - деди Г.Аянова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3445
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
×