Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-февраль

При поддержке MegaCom

Кытайда төрөлүп, Пакистанда чоңоюп, Түркияда жашаган кыргыз Хамит Өзгөн менен маек (фото)

Turmush -  

Кыр-кырда кайың-тал барбы,

Кыргыздар балта чаппаган?

Дүйнөдө өзөн сай барбы,

Кыргыздын сөөгү жатпаган?

(Кыргыздар)

Башына күн түшүп, Мекенинен алыска кеткендердин бири өзгөндүк кыргыз Барпы болгон. Ал орус бийлигинен Кашкарга качып, андан ары Индияга сапар тартып, кийин Түркияда байыр алган. Азыр балдары Түркияда жашап, бирок Ата Журту менен байланышта болуп келе жатышат.

Барпынын уулу Хамит Өзгөн менен ал Кыргызстанга келген кезде маек курдук. Хамит аксакал Өзгөн деген фамилияны ата-бабасы жердеген Өзгөн жеринин атынан алган. Анда сөз башынан болсун.

Өзгөн

- Өзүңүз кайсы жерде төрөлгөнсүз?

- Мен Хамит Өзгөн 1936-жылы Индия менен уйгурдун чек арасында Кашкарда төрөлгөм. Ал жерге кандай барып калдыңыз десең, атам 1930-жылы Кыргызстандан Кашкарга качып кеткен экен. Кашкарда 5 жылга жакын жашаптыр. Кыргызстанга коммунисттер келип, байларга кысым болгон экен.

- Бул коммунизм келгендеги байларды кулакка тартуу деген саясат да...

- Ооба, ошондой. Атам өзү бай адам болгон экен. Мен өзүм көргөнүм жок, бирок өзүнүн айтымында, 7 жерде коргону болуптур. Кашкардан миңдеген койлорду алып келип Өзгөндө сатчу экен. Ошентип кой алып келип сатып, акча айлантып турган экен. Атамдын өзүнүн жанында иштеген адамдар «байларды таап берем» деп орустарга кызмат кылып кетишиптир. Ошону атам сезип калып, басмачыларга кошулуп орустар менен согушуп, анан Кашкарга качыптыр.

- Атаңыздын аты ким эле?

- Атамдын жаш кезиндеги мурдагы аты Арунрашид болгон экен. Кийин 20 жаштар курагында ооруп калып, атын ырымдап Барпы деп өзгөртүшүптүр. Кийин өмүрүнүн аягына чейин Барпы болуп жашады.

А 2

- Атаңыз кайсы уруудан?

- Мен өзүм уруктарды тандабайм. Мен чоң уруум кыргыз, кичи уругум кыргыз, өзүм кыргызмын дейм. Неге дегенде, уруу-уруулар бири-бири менен дайыма «сен пассың, мен жогорумун, сен андайсың, мен жакшымын» дегендей кылып, бири-бири менен чатакташат. Жакында эле 4-5 жыл мурун Вандагы кыргыздар 2 урук бири-бири менен урушуп, бети-башын жарып, өкмөткө түшүп... Ушундай иш болгон. Бирок чоң уруум адигине, кичи уругум теңизбай.

- Атаңыз Кашкарга качып баргандан кийин эмне менен алектениптир?

- Атам ал жакка акчалары менен барган болуш керек. Анан ал жакта тааныштары көп экен. Мурда бизнес кылып жүргөндө тааныштары болгон. Бул жактан орустар менен бирге согушуп, Жаныбек казы, Али паңсат деген адамдар менен чогуу качкан. Алардын аскерлери да болгон. Баары бирге Кашкардын Сепил деген жеринде отуруп калышыптыр. Ошондо дагы Кашкардан дунгандар буларды (качып барган кыргыздарды) басып алабыз деп, алар менен согушуптур. Атамдын айтымында, кийин өздөрү менен бирге качкан досторунун ичинде бири-бирине кыянаттык кылып, жамандык жасап, дунгандарга сатып кете баштагандар чыгыптыр. Атам ушуну байкап калып, «шаарды айланып келейин» деп шылтоолоп, балдарын алып, сепилден чыгып кетиптир.

Атам Индияны көздөй сапар алыптыр. Аркасынан Жаныбек казы, бирин-экин тааныштары жөнөптүр. Чек аранын Даван деген жерине барышыптыр. Ашуу жабылып калып, ошол жерде 7-8 ай туруп калышыптыр. Ал убакта Пакистан Индиядан бөлүнүп өз алдынча мамлекет боло элек болчу. Атамдар кеткен жол Жибек-Жолу болуптур. Ажылыкка баргандар ошол жол менен кетчү экен. Ладакх, Тибет, Кашмирден кеткендер ошол жерден өтүшчү дейт. Мен ошол жерде төрөлүптүрмүн. Алты айлыгымда апам каза болуптур. Ошондон кийин атам андан ары Пакистанга (ал кезде Индия) кирип, Пакистандын Карачи шаарына барып туруп калыптыр.

А 3

- Апаңыз ошол жерде көмүлүп калган экен да, ошол жакка бара алдыңызбы?

- Азыр ал жерге кытайлар чоң унаа жол салган. Бул жактан барайын деп аракет кылдым, бирок Кытай виза бербеди. Ошон үчүн бара албадым. Болбосо барып, апамдын калган жерине Куран түшүрүп келейин дегем.

- Атаңыз Пакистанга ооп кеткенде балдарын алып өзү эле кетиптирби же башка жолдоштору да бар бекен?

- Жолдоштору болгон экен. Эсимде калганы боюнча Кашкардан Индияны көздөй кеткенде 120 адам болушкан экен. Ара жолдордо калгандар, өлгөндөр болуптур. Пакистанга өтүп кеткенден кийин ар кимиси өз алдынча үй таап кетишиптир.

- Пакистанда атаңыз кантип тиричилик кылды?

- Атам балдарынын тапканы менен жан багып жүрдү. Мен 3-4 жаштарда болчумун. Акем ошол жерде бир уйгурдан бут кийим тигүүнү үйрөндү. Кийин мен 6-7 жашка келгенде бут кийим тиге турган дүкөн ачты. Келгендердин бут кийиминин өлчөмүн алып анан тикчү. Ошентип жашап кеттик.

А 4

- Атаңыз Пакистанда үйлөндүбү?

- Мурун 5 эркек — 3 агам, мен анан атам болуп бешөөбүз жашайт элек. Үйдө аял жок. Ошентип 11 жыл жашадык. Атам Пакистанда жүргөндө «кыргызга барганда кыргыз аял алам» деп 11 жыл үйлөнгөн жок. Балдары чоңоюп жетилип калса да, пакистандык аялдарга үйлөндүрбөдү. Пакистанда кыргыздар жок эле. 11 жылдан кийин гана уйгур аялга үйлөндү.

- Агаларыңыз да ошол жактан үй-бүлө күтүштүбү?

- Жок. Вандык кыргыздардын мурунку турган жери Памир болгон. Агаларым ошол Памирден кыргыздардан үйлөнүп келишкен.

- Агаларыңыз, алардын балдары кайсы жактарда жашашат?

- Биз 5 энеден 11 бир тууганбыз. 2 кыз, 1 бала Германияда, калгандары Түркиядабыз. 2 агам өтүп кетти. Менден 5 жаш улуу агам Измирде жашап жатат.

- Атаңыз 5 аял алганбы?

- 5 аял алды. 5 аялдан 11 бир тууган болдук. Кашкардан Кыргызстанга кой алып келип сатып жүргөн учурда үйлөнүптүр. Ар кайсы жерлерде аялдары болгон экен. Соода кылып Кашкар тарапка барганда ошол аялдарыныкына түнөчү экен.

- Ошол 11 биртууганда байланыш барбы?

- Байланыш бар. Бирок улуулардын баары өтүп кетти. Балдары менен байланыштар бар. Түркияда турушат. Көрүшүп турабыз.

- Балалык чагыңыз кандай өттү?

- Ал убакта Пакистан Индиядан бөлүнүп өзүнчө мамлекет боло элек болчу. Индиядан 1947-жылы бөлүндү. Индия болуп турган убакта Карачиде шаардын четинде эң кедей, эң кембагал үй-бүлөлөр жашаган махалалар (райондор) болот эле. Хамид Тунукелер менен эптеп бир үйлөрдү салып алышкан. Ошол жерде жашадык. Ижарага үй алууга акча жок болчу. Ал убакта акелерим шаарга бир нерселерди сатып, нан таап келгенге аракет кылчу. Атам болсо мечитке барып Кудайга жалынып, «эмнеге мен мындай болдум, менин эмне күнөөм бар?» деп ыйлайт. Эми күнөөсүз адам болбойт. Күнөөсүз адамга Кудай жаза бербейт. Жаштыгында бир нерселер болгондур. Кудай ошо жазаны берди.

Атам Кыргызстанда калганда мен өз жеримде, өз журтумда төрөлөт белем? Кыргыз балдар менен ойноп чоңойот белем? Кыргыз балдар дегенде... Индияда жашап жатканда индиялык балдар мени ойнотпой уруп, бөлүп турушат эле. Мен аларга караганда башкача көрүнөм да. Алар кара, курсактары чоң болот. Ошол башкача болгонумдан бир-экөөсү эмес, беш-алтоосу келип уруп, ойнотпой... Ошондо мен ошол жердеги кепелердин түбүндө ыйлап, анан ошол жерге топуракка жатып уктап калчумун. Агаларым, атам кечинде качан кайтып келишсе, мени издеп таап, үйгө алып келчү. Ошол мени урган балдардын кээ бирлеринин энелери жакшы аялдар эле. Алар мага тамак берип, бети-колумду жууп койчу. Мени сабаган балдарын урушуп, мага болушуп турушчу. Кийин ошол жердеги мектепке окууга кирдим. 4-5 жыл ошол жерде окудум.

- Атаңыз кайтып келүүгө аракет кылганбы?

- Атам ошон үчүн Кашкарда «орустар кетет, Кыргызстанга кайтып барам деп» 5 жыл туруп калыптыр. Бирок орустардын кеткиси жок. Келип басып алган орус кетмек беле? Эми ажыга барып келейин деп ойлоптур. Индия тарапка сапар алганынын себеби да ошол болгон. Ажыга барып келгенче бир нерсе болот, орустар чыгып кетет, анан мен кайтып барам, деп ойлогон.

- Атаңыз ата журтун сагынып азап тарткан экен...

- Элин сагынчу. Кичинекейимде атам «орустар бизди ушинтип кууду, жаман кылды. Кыргыздар таза, жалганчы эмес, жамандык кылбаган эл. Кыргыздардын эшиктери дайыма ачык турат. Таанысаң, тааныбасаң да кирип барсаң, тамак берип меймандос болот» деп көп айтат эле.

Атам Турция 1960-ж

(Атасы, 1960-жыл, Түркия)

- Качкандар кийин орус бийлигине өз каалоолору менен өтүп келсе, жок кылып койгон фактылар болгон дешет?

- Алар бул жакка өттүбү же ошол жерден эле бири-бирин сатып душман болуп, бири-бирин өлтүрүштүбү... Бирок Жаныбек казы атам менен кошо Индияга өтүп кеткен экен. Калгандары ошол Кашкарда калып... Кийин кандай болгону белгисиз. Аны атам да билбейт. Азыр атамдын мазарында (мүрзөсүндө) өзүнүн досторунун ысымдары жазылуу, «ушулар менен дос болгон, ушулар менен бирге болгон» деп жазылган.

- Сиздер Кыргызстан менен байланышты биринчи жолу качан түздүңүздөр?

- Биринчи жолу 1970-жылдардын башында чоң акем келип кетти. Андан мурда акем кат жазыптыр. Акемдин Кыргызстанда билген дареги жок, Отуз-Адыр деп жазыптыр. Атам Отуз-Адыр жөнүндө көп айтат эле. Отуз-Адырда атамдын чоң кызы калган экен. Ал эжемдин аты Райхан экен. Акем ошо каттын дареги деп «Кыргызия, Отуз-Адыр, Райхан», деп жазыптыр. Кандай болсо ошол кат Отуз-Адырга келиптир. Отуз-Адырдагылар катты окуп көрүшүптүр. Андан кийин Райхан ким деп издешиптир. Райхандын баласы бар экен. Ошол киши кайра акеме кат жазыптыр. Анан ал акемди чакырып, ошентип байланыш түзүлгөн. Акем кызы менен келип кетти.

- Өзүңүз Кыргызстанга биринчи жолу качан келдиңиз?

- Кыргызстанга 1986-жылы 50 жашымда келдим. Келгенде жээним тосуп алды.

44444

(Өзгөндүн Жаңы-Талап айылы, 1986-жыл)

- Кандай сезимдер болду?

- Биринчи жолу бардык жакта кыргызча сүйлөгөн чөйрөгө келдим. Башкача угулду. Башка тилдин сөздөрү кулагыма сиңип калган экен. Бары-жогу кыргызча сүйлөсө башкача угулуп, «Ата Журтума келдим, баары кыргызча сүйлөп жатат» деп өзүмчө аябай сүйүндүм. Ошондон тартып Кыргызстанга ого бетер катуу байланып калдым. Ошондон кийин кыргыздын тарыхын иликтеп окуй баштадым. Кыргыздын тарыхы кытай жазмаларында бар.

- Бул жакта туугандарды таптыңызбы?

- Өзгөндөн 3 ата өткөн туугандарды таптык. Атам 3-4 жашар кезинде Кара-Кулжанын Сары-Камышында жашачу экен. Бир күнү айылды суу басып кетип, Өзгөнгө көчүшүптүр. Өзгөндөгү Жаңы-Талап деген жерде жашап калышыптыр. Өзгөндө апамдын акесинин кызы да бар экен. Аны таптым. Кийин бөлөлөрүмдү таптым.

- Өзгөндөгү туугандар менен байланыш кандай?

- Тагамдын кызын Түркияга алып барып конок кылдым. Неберелери менен таанышпыз. Жакшы эле.

- Атаңызды Кыргызстанга алып келе алган жоксуздарбы?

- Алып келе албадык. Ал убакта коммунизм бар эле. Азыркы учур болсо алып келет элек. Бирок орустардан коркуп келе алган жок.

атасы

(Атасы уулдары менен)

- СССР жөнүндө кандай ойдо элеңиздер?

- Коммунизм бары-жогун бекиткен мамлекет деп ойлочубуз. Ичиндеги адамдардын пейили, ою кандай билбейт элек.

- Атаңыздан качан ажырап калдыңыздар?

- Атам 1968-жылы Түркиянын Конья шаарында каза болду. Сөөгү ошол жерге коюлган. Коньянын четиндеги кыштактан жер алып, ошол жерде жашачу элек.

- Түркияга көчүп келгениңиздерде кантип тиричилик кылдыңыздар?

- Түркияга келгенде атамдын балдары баарыбыз чоңоюп калган элек. Акелерим Пакистанда иштеген жылдары бир аз акча жыйнаган да. Ошол акча менен атам Коньянын четинен дүкөнү бар, ашканасы бар жер алды. Ошо менен жашап кеттик.

- Сиз Түркияда эмне иш кылчу элеңиз?

- Машина оңдогуч болуп иштегем. Түркиянын 5-6 шаарында иштедим. Измирде 3 жыл, Стамбулда 3 жыл, Анкарада 2 жыл жашадым. Түркиянын аскеринде 2 жыл кызмат өтөдүм.

- Түркиянын аскерине кантип барып калдыңыз?

- Пакистанда жүргөндө эч кандай документ жок эле да. Түркияга келгенде Түркиянын жарандыгын алганда аскерге бардым.

- Өзгөн деген фамилияны Түркияда жүргөндө алган турбайсызбы?

- Түркиянын мыйзамында фамилия алуу керек экен. Чоң акем документ алып жатканда фамилиясын сураптыр. «Фамилияны билбейбиз» десе, «эмне иш кыласың?» деп сураптыр. Акем «бут кийим тигем» десе, фамилиясын түркчө «дикер», кыргызча «тигер – бут кийим тигер» деп жазыптыр. Кийинки акем Түркиянын Измир шаарына менден 5-6 ай мурда келген. Ал Измирден бир бай кишинин чоң чайханаларын көрүптүр. Ал чайханалар «Өзгөн» деп аталат экен. Ал ошол үчүн өзүнүн фамилиясын Өзгөн койдуруп алган.

Андан кийин мен Өзгөн деп фамилия алдым. Кийин атам Пакистандан Түркияга бизге келгенде «Өзгөн өзүбүздүн жер да» деп айттым. Фамилия алып жатканда менин акемдин башына Түркиядагы чайхана «Өзгөн» келсе, мен Кыргызстандагы Өзгөн жерин эстеп фамилия алгам.

- Сиздин атаңыздай болуп качкан Рахманкул хан менен байланыш бар беле?

- Рахманкул хан менен көрүштүк. 1982-жылы Түркияга келгенде биз тосуп алдык. Аларды Түркия Пакистанга учак жиберип алдырып келген. Ошондо Түркиянын Адана шаарына келгенде аларга тилмечтик кылып жардам бердик. Түркияга келгенде Рахманкул хандын падышачылыгы калып калды. Бирок барыбир эл сыйлайт эле.

- Рахманкул хан канча киши менен көчүп барды?

- Ошол маалда 350-400гө жакын адам көчүп барды. Ошол кыргыздарды кийин Ванга жайгаштырышты. Өкмөт тамак-ашын берип, үйлөрүн бекер салып берип карады.

- Түркияда көп кыргызстандыктар окушат, иштешет, алар менен байланыш кылып турасыздарбы?

- Биздин шаарга келгендер болсо көрүшөбүз. Анан «Фейсбукта» кыргыздар жазышабыз. Үйгө кыргыздар көп келет. Эшигибиз дайыма ачык.

- Өзүңүз качан үйлөндүңүз?

- 1969-жылдын ноябрь айында үйлөндүм. 5 балалуу болдум. Унаа оңдоочу кесибим бар болчу, унаа оңдоочу жай ачтым.

Адана машина оңдоочу жай 1975-ж

(Өзү ачкан унаа оңдоочу жай, 1975-жыл)

- Жубайыңыз кайсы улуттан?

- Апасы кыргыз, атасы уйгур.

Байбичем Рахиме

(Байбичеси Рахиме менен)

- Бала-чакаңыз кыргыз тилин билеби?

- Кыргыз тилин үйрөнүп жатышат. Түшүнөт. Бирок таза сүйлөй алышпайт. Үчүнчү балам бул жактан үйлөнгөн. Аялы Кичи Алайдан болот.

Үй-бүлө Анталья 90-жж

(Хамид аксакал үй-бүлөсү менен, 1990-жыл, Түркия)

- Бул жактан куда күткөн экенсиз да...

- 2011-жылы баламды «Кыргызстандан үйлөнөсүң» деп бул жакка алып келдим. Бул жакка келгенден кийин туугандарга «кыз тапкыла» десем, ылайыктуу кыз табышпайт. Андан мурда бөлөм кызын турмушка берген экен. Ошондо тойдо тартылган сүрөттөр бар экен. Ошол сүрөттөрдү карап турсам, азыркы алган келин көзүмө урунду. «Бул ким, турмушка чыга элекпи?» деп сурадым. «Жок» дешти. «Ушул кызды тапкыла» дедим. Кыз сүрөткө тартынып тургандай түшүптүр. Ошонусу көзүмө жылуу көрүндү. Өзү тиш доктур экен. Балама тааныш деп айттым. Балам барып таанышып, анан үйлөнүштү. Азыр 2 балалуу болушту.

- Ал балаңыз бул жакта жашайбы?

- Бул жакта кала турган болуп жашап жатат. Бишкектен үй алды. Жакшы жашап жатат.

- Канча небереңиз бар?

- Жакында алтынчы неберем төрөлдү. 2 уул, 4 кыз неберем бар.

- Кыргызстанга бат-бат келип турасызбы?

- Акыркы 5 жылдан бери бат-бат келем.

- Бул жакта иш кылып көрүүгө аракет кылган жоксузбу?

- 1992-жылдары келип бул жакта бизнес кылайын деп аракет кылдым. Түркия менен бул жактын ортосунда учак учуруп, байланыш түзгөнгө аракет кылдым. Туризм менен иш кылайын дедим. 5-6 жолу учак учурдум. Орусча тил билбей, мага тилмечтик кылгандар да жакшы иштебеди. Учак менен бул жакта сатылуучу нерселерди алып келип берчүмүн. Мен жалдаган учакта кардарлар өздөрүнө керектүү товарларды алып келмек эле. Бир жолу бир чиновник аял бул жактагы чоңдордун аялдарына чоң-чоң белек-бечкек алып, 80 кутуну учакка толтуруп коюптур. Учакты карагандарга «бул кыргыз өкмөтүнүн жүгү» деп текшерттирбей, мага билдирбей жүктөтүптүр. Эртеси Кыргызстанга келсек, менин кардарларымдын жүгү жок. Ал убакта тышкы иштер министринин орун басары Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов эле. Ал түркчө билет эле. Ошого кирдик. Ал «кардарлардын жүгүн 1 жумада алдырып берем» деди. Кардарлар болсо келип, мени менен жаңжал кылып урушту. 1 жума эмес, 3 жума өтүп кетти. Кийин башка учак менен жүктөрдү алып келип берип, болду жетет дедим.

- Өзүңүз канча тил билесиз?

- Мен пакистанча, англисче жакшы билем. Түркчө билем. Кыргыз, казак, өзбек тилдерин да билем. Голландия тилин, немис тилин да бир аз билем. Европаны кыдыргам. Бир кезде жокчулукта, жерде жатып чоңойгон бала кийин дүйнөнү кыдырып, бийик имараттардагы үйлөрдө жашадым.

- Бир туугандарыңыз да кыргыз тилин сиздей эле жакшы билишеби?

- Мендей билишпейт. Бирок түшүнүшөт. Себеби атам дайыма кыргызча сүйлөйт эле. Мен кыргызчаны атамдан үйрөнгөм. Кыргыздыгымды таштабай, унутпай келе жатам. Кыргызга бекем байлангам.

Пакистанда 18 жашка чейин жүрдүм. Ал жакта эч бир кыргыз жок. 18 жаштан кийин Түркияга келдим. Түркияда да кыргыз жок. Түркияда өзбектер, уйгурлар бар эле. Бирок биз ал убакта өзүбүздү кыргызбыз деп жүргөн эмес элек. Баарыбыз «биз түркстандыкпыз» дейт элек. Өзбектер да «түркстандыкпыз» дечү.

Акем Абдурашид

(Агасы Абдурашит)

- Пакистандын эли кандай?

- Адамдары карапайым. Бир күн жей турган нан тапса, болду дүнүйө ошонуку болуп калат. Байлары да бар. Көбүнчө эли бүгүнкү курсагы тойсо болду, эртеңкисин кудай берет деп жашайт. Кашмир жакта, Пакистандын кээ бир жерлеринде «түркпүз» деп жашагандар бар. Байыркы заманда Өгүз хан деген падыша өткөн.

- Өгүз хан түп атабыз да...

- Ооба. Өгүз хан падышачылык куруп Индияга чейин барыптыр. Кайтып жатканда 3 жыл Кашмирде туруп калган экен. Кашмирдин бардык жагы токой жакшы жер. Кайтып жатканда аскерлеринин кээ бирлери ошол жерде калып калыптыр. Ошолордун балдары азыр да жашап жатат. «Биз түркпүз, аталарыбыз Орто Азиядан келген» деп айтышат. Тамырын азыркыга чейин билишет. Бирок тилдери бурулуп калган.

- Пакистанда балалык чагыңыз өтүптүр, барып турасызбы?

- Пакистанда балалыгым өткөн деп эч байланган жокмун. Башта айткандай балдардан таяк жеп, өзүмдү чоочун сезип чоңойгонум үчүн баргым келбейт.

- Атаңыздын, өзүңүздүн тагдыр жөнүндө китеп жазсаңыз болчудай...

- Бир аз жаздым. Бирок жазганда кыйналам. Жаштыгымда тарткан азаптар, жаман күндөрдү эстесем... Айттым го, көчөдө жатып уктаган күндөр, балдардан таяк жеген күндөр эсиме келет. Эстегенде жазгым келбейт. Балким толук жазсам китеп болуп чыгышы мүмкүн. Тарткан оор күндөрдү ойлогум келбейт. Пакистанда 18 жашыма чейин жокчулуктан улам бут кийим кийген жокмун. Акелерим бут кийим тигет эле. Бут кийимди мага тигип берсе ачка калабыз. Пакистанда мага окшоп жылаңаяк жүргөндөр көп болчу. Ысыкта асфальт ээрип, бутуңа жармашат. Өгөй эненин кыйнаганы... Ошолор эсиме келсе кыйналып кетем. Жазгым келбейт.

- Аксакал, маегиңиз үчүн рахмат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 19964
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
kulama
10:37, 16 мая 2016
Азаматсыз Аксакал... Жаратканым Сиздей канында кыргыз каны айланган жанга бекем ден соолук узун омур, бала чаканыздын урматын берсин.. Сиздин маегинизди окуп алып, Турмуштун оор сыноосунда Башка эл ботон жерде туулуп оссонуз да ошол элге аралашып, омуру суйлобогон ЭНЕ тилин барктап уйронуп суйлоп жургонунуз учун Кыргыз Мамлекети сизди Элге улгу кылып жаштарды МЕКЕНЧИЛИКЕ тарбияласа жарашчуудай.... Азыркы биздин коомдо ЭНЕ тилибиз оз татыктуу оордун таппай, Орусча суйлогон озун маданиятуу сезип, Англисче суйлогон озун акылдуу сезип Кыргыз тилин билгендер али да болсо басмырланып келе жаткан АДилетсиз заманда Кыргыз Бийлигинде олтургандар сиздин маекгинизди окуп чынында журокторундо кыргыз каны болсо бир жакшы сезимге келип татыктуу тыянак чыгарар деген аруу умутттомун........... Ийгилик Сизге......
Нет аватара
KG_KZ
18:38, 14 мая 2016
Саламатсызбы Хамит аксакал ага! Сиздин берген маегиңизди аябай кызыгуу менен окуп чыктым. Сизге чың-ден соолук каалайм, уул-кыздарыңыздын төрүндө көпкө жашай бериңиз, калган өмүрүңүз бактылуу күндор менен улана берсин!
Нет аватара
karimbek_kadyrkulov
09:28, 14 мая 2016
Аллахым сизден ыраазы болсун, ушунча кыйынчылык коруп чоңойупсуз, кыргыздын каны ушундай таза болот
Нет аватара
nazar
07:18, 14 мая 2016
Китеп жазуу Сиз учун канчалык оор болсо да,озунузду токтотуп,ойлорунзду топтоп,ээн эркин кыйнабай эле озунузду жазуугу аракет кылыныз.Мен боркумдой ишенем,эн сонун корком иш чыгат...Сиздин айлананыздагы эле урпактарыныз жардамдашсын,озунуз ком п менен иштейт экенсиз....Аким Озгон жардамга келсин,ал киши эмне горизонттон жоголуп кетти,ото пайдалуу беруулор менен Азаттыктан чыкчы эле....Кудайым Сизге ден-соолук,КИТЕП ЖАЗГАНГА МУМКУНЧУЛУК БЕРСИН.ОМИНЬ!
Нет аватара
Visor
22:26, 13 мая 2016
Бул бир эле уй булонун тагдыры менен ошол замандагы коптогон кыргыздын тыгдырын элестетип корсо болот. Бул адамдар бектигинен эле аман калыптыр. Арыбаныздар аке!
Нет аватара
loochin
19:43, 13 мая 2016
Хамит ава сиз сизге данк! Бул жерде жургон бок карын иштен качкандарга бир алимсабак отушунуз керек экен.бирок аны тушунбойт жомок деп ойлойт 2саат мурун алган нанды катып калды мусурга ыргыткандар бар.
Нет аватара
nazar
14:24, 13 мая 2016
Азамат аксакал экенсиз! Жокко чокпой кыргызымдын уучун улаган Сиздейлерге урмат жана данк! Бар болун,чон мекенинизде азыркы Кыргызбайларга кор болбонуз.90-чу жылдары Туркиядан келген коп кыргыз туугандарыбызды жакшыы эле ыйлатышкан,чиновник туугандарыбыз....ал кашкайган чындык...Аким Озгон жакшы билет аларды....
Нет аватара
ENTER
13:45, 13 мая 2016
Тууганым китеп жазсаныз жакшы болмок сиздин окуяныз журокту оорутат кыргызым кандай кыйналган, ынтымактуу, ыйманду бололу кыргызым! менин да туугандарым ушинтип кетишкен экен........
аватар
T-guljan
13:03, 13 мая 2016
Аксакалдын китеп жазгысы келбегени өкүнүчтүү, болбосо сонун китеп чыкмак. Кино сценаристтерге да булак болуп бере алчудай тарыхы бар экен.
Нет аватара
Tynaibek
12:59, 13 мая 2016
кыргыздар ушул окуяны окуп биримдикте болгула,мамлекетибизди сактайлы.
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
×