Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

«Жеңеке»: Айылга келин болгон А.Турсунова 15 келинди жумуш менен камсыздады (фото)

Turmush -  Тоң районунун 38 жаштагы тургуну Анаргүл Турсунова айылга келин болуп, кесибин өзгөрттү. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен маектешти.

Анын айтымында, Тоң районунун Ала-Баш айылында туулуп өсүп, 1995-жылы Бишкек шаарындагы финансылык колледжди аяктагандан кийин бир жыл борбордо иштеген. Жолдошу менен турмуш кургандан кийин айылда жашап калышкан. Айылда жумушсуздукту кыскартуу максатында чет элдик уюмдарга долбоор жазып, 2015-жылы чакан тигүү цехин ачкан. Учурда айылдагы 15 келинди ишке алып, тигилген кийимдерди Москвага жөнөтүүдө.

Жумасына 1 миңден ашуун ар кандай кийимдер Москвага жөнөтүлөт. Тигүүчү айымдар ар аптада 3000 сомдон 5000 сомго чейин маяна алышат. Анаргүл айым кездемелерди борбордон алып келет. Москвадагы ишкерлер менен келишим түзүп иштешип, ишкананы кеңейтүү максаты бар. Кийимдерден сырткары кыздардын себин даярдап, бир жуурканды 350 сомдон тигишет.

Анаргүл айым жолдошу менен 3 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2241
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу